№ 22 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттагына талапкер №1 Бакеев Аскарбек Колхозбековичтин программасы.

  1. Айыл жергесин өнүктүрүү

Менин программам аркылуу сунушталып жаткан реформалар айылдын өсүп-өнүүгүсү үчүн шарт түзөт.  

Израилдеги «кибуция» же Кытайдагы кооперативдер түрүндөгү жаңы рыноктук формадагы кооперативдерди, айыл чарба ишканаларын ирилештирүү айыл жеринде жүргүзүлүүчү негизги реформалардын бири болуп саналмакчы. Эмгекти уюштуруунун дал мына ушул формалары которуштуруп айдоо системасын калыбына келтирүүгө, жакырланган жерлердин асылдуулугун жогорулатууга, алдыңкы технологияны, ген инженериясынын методдорун, жогорку сапаттагы үрөндөрдү, жер семирткичтерди колдонууга, асыл тукум малды асыроого, айыл чарбасындагы ар кандай зыянкечтерге каршы күрөштү жандандырууга, айылды жашылдандырып, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

2.Коррупция

Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин мурдагы жетекчиси катары мен өлкө менен катар регионубузду мына улуш илдеттен тазалоо үчүн мүмкүн болгон жана мүмкүн болбогон бардык чараларды кабыл алам. Расий маалыматтар боюнча бүгүн өлкөбүз коррупциянын кесепетинен улам жылына 15 млрд. сом чыгашага учуроодо. Бирок, коррупциянын чыныгы масштабын аныктоого мүмкүн эмес, себеби коррупция өлкөбүздүк бардык чөйрөсүнө баш багып, өлкөнүн өнүгүүсүнө өтө чоң кесепеттерин тийгизүүдө. Ошентип, «адалданган» коррупциялык кирешелер улуттук, ошондой эле эл аралык каржы агымдарына кошулуу менен өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнө жана эл аралык кадыр-баркына шек жаратууда.