2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоо болот. Сиздердин өтүнүчүӊүздөр менен ушул шайлоого катышууну чечтим, Анткени мен жакшылык-жамандыктын баарын чогуу көрүп келем. Жалпыбыздын жакшы жашообузга таасир эткидей өкүл болуу милдети канчалык бийик да, оор да экенин жакшы билем. Элибиздин эӊ орчундуу көйгөйлөрүн парламентте талкууга коюп, мамлекеттик деӊгээлде чечкенге салым кошууга бар күчүмдү, билимимди жумшайм. Менин программам Чүй облусунун Москва жана Сокулук райондорунун ар бир жашоочусунун мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын, күндөлүк турмуштагы коопсуздугун камсыздоого багытталган.Москва шайлоо округунун ар бир жашоочусунун туруктуу жана ишенимдүү келечеги менин негизги максаттарымдын бири болуп саналат.

Ошондуктан мен шайлоого аттанып жатып, бул милдеттерди көӊүлдө тутам:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын толуктап иштеп чыгууда элет жергесинин, мунун ичинен биздин Москва жана Сокулук райондорунун тургундарынын жашоосун жакшыртууга, мыйзамдуу укуктарын коргоого өбөлгө түзгүдөй ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, Жогорку Кеӊештен өткөрүүгө салым кошом.
  • Москва жана Сокулук райондору боюнча Юридикалык жана жеке жактар менен шайлоочулардын пайдасы үчүн эфективдүү кызматташууга даярмын.

Иштин артыкчылыктуу багыттары: Өркүндөтүлгөн мыйзамдар жарандар менен бийликтин ортосундагы ишенимдүү мамилелерди бекемдөөгө мүмкүндүк бериши үчүн зарыл кадамдарды жасоо; Москва жана Сокулук райондорунун алыскы, чек ара аймагындагы айылдарынын оор маселелерин карап чыгуу кылдаттык менен чечүү;

  • Айыл кыштактарда фермерлер менен ишкерлер үчүн шарт түзүлүшү үчүн кам көрүү;
  • Москва районундагы бардык мектептердин спорт базасын жаӊыртуу жана пайдаланууга киргизүү. Социалдык жеткиликтүү баалар боюнча дары-дармектер менен медициналык мекемелердин жана дарыканалардын ачылышына көмөк көрсөтүү.
  • Чүй облусунун бардык айылдарындагы жолдорду асфальттоого жетишүү.
  • Москва жана Сокулук райондорунун чегиндеги автожолдорду, анын ичинде Жаңы-Пахта жана Ак-Кашат, Беловодскинин автожолдорун асфальттоо;
  • Округдун бардык жолдорунун капиталдык ремонт процессине дем берүү, алардын сапатын жакшыртуу;
  • Дыйкандарды сугат суу менен, жарандарды, электр энергиясы, газ жана суу менен камсыздоочу кызматтардын ишин жакшыртуу, аларды эсепке алуунун заманбап системасын киргизүү.