
КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугу
- Энергетикалык ресурстардын туура бөлүштүрүү, ошондой эле анын потенциалын көтөрүү жолу менен республиканын энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу.
- Калкты социалдык жактан тейлөө
- Мугалимдердин жана врачтардын орточо эмгек акысын көтөрүү.
- Билим берүү жанга иш менен камсыз кылуу
- Мектепке чейинки балдар мекемелерин куруу;
- Мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүү аркылуу мугалимдик кесиптин жагымдуулугун жогорулатуу (жаш мугалимдин депозити, айылдык мугалим);
- Мектеп программасына шахмат жана финансылык сабаттуулук сыяктуу кошумча сабактарды киргизүү.
- Экология жана ден соолук
- «Кыргызстандын таза суусу, өлкөнүн бардык жарандарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу» мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- шаарлардагы жана айыл-кыштактардагы бак-дарактардын санын максималдуу түрдө көбөйтүү.
- Айылдарды өнүктүрүү — Республиканы өнүктүрүү
- Алыскы айылдарда жашаган жарандарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо;
- Айылдарды жаратылыш газы менен камсыз кылуу.
- Спорт жана физкультура
- Активдүү жана сергек жашоо образын жайылтуу;
- Спорттун ар кыл түрү боюнча массалык спорттук иш-чараларын уюштуруу;
- Балдар спортун өнүктүрүү;
- Менин үйүм - менин чебим
“Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик программасын ишке ашыруу. Программанын негизги максаты турак-жайы жок жарандарды турак-жайы менен камсыз кылуу.