1. Москва жана Сокулук райондору мүмкүнчүлүгү кенен, уникалдуу аймактар. Бул жерге тийиштүү инфраструктураны түзүү менен ар бир жашоочуга бейпил жашоону, татыктуу билим алууну, жемиштүү эмгектенүүнү жана анын үзүрүн көрүүнү, ден-соолугун калыбына келтирип, инсандык өнүгүүнү камсыздоого мүмкүн. Аталган райондордун эң артыкчылыктуу белгилери – борборго жакын жайгашкандыгы жана кайталангыс табияты. Сунушталган программа 7 пункттан турат жана 4 жыл аралыгында ишке ашырууга болот. Бул программаны турмушка ашыруу менен Москва жана Сокулук райондорунун мындан ары экономикалык өнүгүүсүнө жол ачылып, анын жашоочуларынын жашоо деңгээлин жана кирешелерин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.

      

    1. Москва жана Сокулук райондорундагы сугат суулардын тартыштыгы көйгөйүн жасалма мөңгүлөрдү жайылтуу аркылуу чечүү

    Ар жыл сайын сугат жана ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү артып барат. Үстүбүздөгү жылы Чүй облусунун дээрлик баардык дыйкандары сугат суу тартыштыгын өз мисалында сезишти. Москва жана Сокулук райондорундагы сугат суусунун тартыштыгы көйгөйүн чечүү максатында 2022-жылдын аягына чейин жасалма мөңгүлөрдү калыптандыруу жана аларды жайылтуу программасын демилгелейм. Бул технология көп каражатты талап кылбайт жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келе жаткан практика. Кыш мезгилинде абанын төмөнкү температурасын пайдаланып муз запасын топтоп алууга негизделген. Алгач, ар бир тоо этегиндеги айыл өкмөтүндө 3 миң метр куб музду топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Күн жылыганда, жайдын башында бул топтолгон муздар ээрип, райондун жашоочуларын кошумча суу менен камсыздоого жол ачылат.     

    1. Москва жана Сокулук райондорун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кичи ГЭСтерди курууну жана Ак-Суу капчыгайынын этегинде шамал менен иштөөчү генераторлорду орнотууну демилгелөө

    Бүгүнкү күнү электр энергиясына болгон тартыштык өтө курч турат. Дээрлик ар бир чарбага, үйгө жарыктын маал-маалы менен өчүп жаткандыгы өз таасирин тийгизип жатат. Электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында кичи энергетиканы өнүктүрүү өтө маанилүү жана бул тармакка инвесторлорду тартып келүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүп берүү абзел. Аталган демилгенин алкагында 2024-жылдын аягына чейин Ак-Суу, Жыламыш, Сокулук дарыяларында эң аз дегенде 5 кичи ГЭСтин долбоорлору иштелип чыгып, куруу пландалат. Кичи ГЭСтер агын суунун энергиясын колдонуу ыкмасы (проточный метод) менен долбоорлонот жана бул технологиянын жардамы менен бир эле дарыяга бир нече гидроагрегаттарды орнотууга болот. Ошону менен катар, экологияга жана суунун агымына таасирин тийгизбейт. Мындан тышкары, Ак-Суу, Сокулук капчыгайларынын этегине шамалдан электр энергиясын алуучу турбиналар коюлуусу долбоорлонот. Энергиянын бул түрү экологиялык жактан эң таза болуп эсептелет. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу менен район элин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жол ачылат.  

    1. Москва районунда жогорку окуу жайлардын филиалдарын ачууну жана программалоо боюнча 2 мектептин ачылышын демилгелөө

    Билим алуунун жеткиликтүүлүгү – заманбап дүйнөнүн фундаменталдуу негиздеринин бири жана адамдын өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги фактор. Жакынкы 3-жыл аралыгында өлкөнүн  алдыңкы жогорку окуу жайлары менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде – техникалык жана медициналык багыттагы филиалдарды ачуу демилгеленет. Ошону менен катар, Москва районундагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон жумушсуздук маселеси жана анын кесепетинен келип чыккан алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө болгон эмгек миграциясы. Экономикалык активдүү калктын, эмгекке жарамдуу жаштардын агымын азайтуу – учур талабы. Жумуш орундарын түзүүнүн эффективдүү жолу – программалоо боюнча мектептерди ачуу. Жаштардын программалоону үйрөнүп алуусу – үйүнөн чыкпастан эле алдыңкы америкалык жана европалык компанияларга иштөө мүмкүнчүлүгү жана жогорку өлчөмдө эмгек маянасын алуусу.  Бул маселенин чечүүнүн биринчи кадамы болуп Москва районунда 2021-жылдын акырына чейин биринчи IT-мектеп ачылат.     

    1. Ак-Суу капчыгайынын базасында Улуттук жаратылыш паркын уюштуруу

    Ак-Суу капчыгайына жаз мезгилинен кеч күзгө чейинки аралыкта келип, эс алып кеткен туристтердин саны жыл сайын өсүүдө. Бул өз учурунда капчыгайдын, Ак-Суу дарыясынын жана райондун аймагынын эко-системасы акырындап деградацияга учурап баштаганын айгинелеп турат. Экологиянын булгануусун алдын алуу, табигый жайлардын алгачкы калыбында сакталышын камсыздоо максатында “Ак-Суу” Улуттук жаратылыш паркы долбоору иштелип чыгат жана ага ылайык туристтик жана экологиялык инфраструктураны түзүү жашоочулардын, келген коноктордун кызыкчылыктарын эске алуу менен каралат.  

    1. Москва районунда эң кеминде иштебей турган 2 ишкананы жандандыруу

    Москва району мурдатан бери өз өнөр жайы менен атагы чыгып келген. Ар түрдүү себептер менен бүгүнкү күндө бир катар ишканалар токтоп турат. Бул заводдорду ишке киргизүү район элин иш менен камсыз кылуу жаатында алгылыктуу, фундаменталдуу саамалык болот. 2022-жылдын аягына чейин райондогу токтоп турган ишканаларды жандандыруу боюнча долбоор иштелип чыгуусун демилгеленет жана 2023-жылдын аягына чейин инвесторлорго шарт түзүү аркылуу район аймагындагы эң кем дегенде 2 ири ишкананы жандандыруу шайлоо алдындагы программанын бир пункту.       

    1. Ачык асман алдындагы музей уюштуруу, концерттик аянтты жана тоо-лыжа базасын куруу аркылуу Москва районунун аймагына туристтерди тартуу

    Мындан эки жыл мурун Москва районунун аймагында археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде уникалдуу объект табылган -  байыркы сактардын жана усундардын дооруна  тийиштүү болгон көмүлгөн жай (биздин заманга чейинки I–II кылымдар). 2023-жылдын аягына чейин донорлорду тартуу аркылуу аталган археологиялык табылганын базасында ачык асман алдындагы музей-комплекс уюштуруу демилгеленет. Мындан тышкары, мурдагы К.Жакыпов атындагы пионерлер лагеринин базасында эл аралык жана жергиликтүү иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган республикалык маанидеги ачык асман алдындагы концерттик аянтты куруу. Ошондой эле, Москва районунда биринчи тоо-лыжа базасын курууга инвестиция тартуу иштерин алып баруу. Музейди, концерттик аянтты, тоо-лыжа базасын куруу жана “Ак-Суу” Улуттук жаратылыш паркын уюштуруу иштери синергиялык эффект берет жана Москва районунун аймагында өзгөчө туристтик кластердин болуусун шарттайт. Бул өз учурунда келип жаткан туристтердин агымын көбөйтөт жана кошумча жумуш орундарынын пайда болуусун шарттайт.

    1. Москва жана Сокулук райондорундагы көчө жарыктандыруучу каражаттарды күн батареясынан кубатталган жарыктандыргычтар менен алмаштыруу

    Электр энергиясынын тартыштыгынан улам Москва жана Сокулук районунун аймагындагы көчөлөрдүн түнкү жарыктары өчүрүлө баштады. Бул өз учурунда ар кандай жааттагы жагымсыз көрүнүштөргө себеп болуусу мүмкүн. Мисалы, талап-тоноочулук, жол кырсыктары ж.б. Бул абалды чечүү үчүн этап-этабы менен, бюджеттик каржылоонун алкагында, кошумча донордук каражаттарды тартуу аркылуу автономдуу түрдө иштеген түнкү көчө жарыктандыруучу каражаттар менен алмаштыруу зарыл. Эн негизги талап – жарыктандыргычтар күн энергиясынан кубат алуусу шарт жана электр энергиясынан көз каранды болуусу.