Джабаев Ринат Шаршенбекович

 

Джабаев Ринат Шаршенбекович 1987-жылы 23-сентябрда Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 2005-жылы №4 Ак-Суу орто мектебин алтын медаль менен аяктаган.

2005-2010-жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана Бизнес институтунда «Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» адистиги боюнча жогорку билим алган. Артыкчылык диплому менен аяктаган.

2015-жж. «Юриспруденция» адистиги боюнча  экинчи жогорку билимин тастыктаган Кыргыз улуттук юридикалык университетинин дипломун алган.

2010-2011-жж. эмгек жолун Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май райондук администрациясында укук, иш кагаздары жана кадрдык камсыздоо бөлүмүндө башкы адис кызматы менен баштаган.

2011-2013-жж. “AKИpress” маалыматтык агенттигинде электрондук коммерция боюнча долбоордун жетекчиси болуп иштеген. Бул долбоордун алкагында Кыргызстанда биринчи жолу онлайн-гипермаркет ишке киргизилген.

2013-2015-жж.  Кыргыз өндүрүшүнөн чыккан кийим продукцияларын чет элге дүңүнөн сатууга арналган “KGMART.RU” онлайн-магазинин жана анын чекене сатууга арналган версиясы “TECHNOTKAN.COM” интернет дүкөндөрүн негиздеген жана директору болуп иштеген. Бул долбоорлордун жардамы менен миңдеген кыргыз тигүүчүлөрүнө өз продукцияларын Россия жана Казакстанга интернет аркылуу сатууга мүмкүнчүлүк ачылган. 

2015-жылдан тартып ушул күнгө чейин  Кыргызстандын алдыңкы маалыматтык агенттиги болгон “AKИpress” уюмунда Өнүктүрүү боюнча директордун кызматын аркалап келет.