Мырзаканов Раад Бакашевич

Мен Мырзыканов Раад Бакашевич 1966 жылы 25 октябрда Чуй облусунун Москва районундагы Мураке айылында жарык дуйного келгем. Ата – энелерим айылда эле жумушчу болуп иштегендер.

Атам Бакаш согуш жылдарында колхоздо бригадир болуп иштеп, кийинчирээк мал багып алектенген. Энем болсо айылдык балдар бакчасында иштеп кийн ошол жерден пенсияга чыккан. Үч бир тууганбыз, эки эжем жана мен. 1974 – жылы Ленин орто мектебине 1 класска кири 1984 -  жылы ийгиктүү аянтадым. 1979 – жылы 5 класста окуп жүргѳндѳ Бүткүл союздук Крымдагы «Артек» деги пионерлагерде болдум. Бул менин мектепте окуп жүргѳндѳгү биринчи жетишкендик деп эсептейм.

9-10 – класстарда жүргѳндѳошол кездеги комсомол деген (ВЛКСМ) мектептеги башталгыч уюмунун секретары болуп эмгектендим. 1984-жылы мектипти ийгиктүү аянтып ошол эле жылы Фрунзедеги Кыргыз айыл-чарба институтунун агрономия факультенине студент болдум. Ошол эле жылдын октябрь айында Советтик Армиянын катарына чакырылып 1986 жылдын ноябрына чейин кызмат кылгам. Украинанын Горловка жана  Шостка кызмат отуп сержант, старший сержант жана старшина деген наамга ээ болдум. Бул армиядагы эң чоң жетишкендик деп эсептейм. Армиядан келип кайра институтка окуумду уалнтым 1991 – жылы окумушту агроном жана командир автомобильного взвода деген наам алып чыктым. Анткени биздин институтта военная кафедра бар эле. 1991 – жылы ѳзүмдүн айылыма барып Московский Госспецхоздо гидротехник болуп эмгек жолумду баштадым. Ошол эле жылдын август айында совхоздун директордун орун басары болуп дайындалдым 1992- жылга чейин эмгектендим. СССРдин тарашы менен бир топ колхоз, совхоздор, завод, фабрикалар чачырап кеткенине байланыштуу мен дагы Кара-Балта шаарына барып “ППС” деген чакан ишканада  директордун орун басары болуп 1993- жылдын июнь айыны чейин эмгектендим.

1993 жылдын июнь айынын тартып Жайыл районун ички иштер бѳлүмүнүн экономикалык кылмыштарга каршы күрѳшүү бѳлүнчѳсүндѳ оперуполномоченный болуп иштеп баштагам. Ошентип Кыргыз милициясында 2017 жылга чейин эмгектенип 2018- жылы ардактуу эс алууга чыктым. Лейтенанттан полковник деген наамга чейин жетим. Ар кандай жетектөөчү кызматтарда эмгектендим. Бир топ медальдар, ардак грамоталар менен сыйландым. Милицияда иштеп жүргѳндѳ бир топ кыйынчылыктарды жана жакшы күндөрдү ѳткѳздум.

Азыр айылдын ар кандай иш чараларына, райондун, облустун  активдүү катышып жүрѳм.

Эми үй бүлѳѳм туралуу жаза тургам болсом 1989- жылы үйлѳнүп азыркы убакта 3 кыз, 1 уулунун ата-энесибиз. Жана ошондой эле.