Программа

  • Заманбап талапка ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү  стратегиялык  багыттары, анын ичинде  инсандын компитенттүүлүгүн  калыптандыруу, окутууну  ишке  ашыруу жаны маалыматтык  заманбап технологияларды колдонуу,  билим берүү сапатын жогорулатуу.
  • Билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.
  • Заманбап технология менен мектептерди камсыз кылуу.
  • Жаш мугалимдерди мектепке тартуу үчүн мугалимдерге социалдык жактан жардам көрсөтүү.
  • Санариптештирүүнү өнүктүрүү.
  • Кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө берүү.
  • Маданият тармагын өсүү жолуна багыттоо.
  • Көп маданияттуу, коомдун билим алуудагы талаптарын жана керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу.
  • Кыргызстандын экономикасынын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатууну камсыздоо
  • Райондо жашаган элдин социалдык абалын жакшыртуу үчүн, таза суу, жол, бала бакча, мектеп, больница, маданият үйлөрүнө басым жасоо.Ошондой эле жалпы медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу.
  • Ооруканалардагы шартты жакшыртуу, элди заманбап диагноз коюуучу жана дарылоочу аппараттар менен камсыз кылуу.
  • Райондо жана алыскы айылдарда мыкты дарыгерлердин иштөөсүнө шарт түзүүгө көмөктөшүү.
  • Дотациядан айыл жергесин чыгаруу үчүн, дотациялуу калктуу конуштарда ачылгын өнөр жай, кичи ишканаларды куруу, салыктык жеңилдиктерди берүү.
  • Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында, соода- логистикалык борборлорун өнүктүрүү
  • Жаны жумуш орундарын түзүүгө жана бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган  инвестициялык долбоорлорду  жер-жерлерде биринчи кезекте ишке ашыруу.
  • Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо,таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өндүрүш ишканалары, текстиль жана тигүү тармагынын ишканалары жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканаларды ишке киргизүү.
  • Таштандыларды иштетүүчү кичи заводдорду куруу зарыл.
  • Актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө  мен салымымды кошом!