
КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:
Урматтуу элим, Президент жаныланууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Жаныланабызбы же улантабызбы, аны Сиздердин добушунуздар чечет!
Жалгыздын жары –кудай! – деп бир мандаттуу округдан, өзүн-өзү көрсөтүү менен чыккан талапкермин. Жетинин бири – Кыдыр! – деп, программам 7 пунктан турат.
- Жергиликтүү элдин кѳйгѳйлүү маселелерин, Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан ачык айкын айтып, жактап жана чечүүгѳ салым кошуу.
- Билим жана илим мыйзамдарына ѳзгѳртүү киргизүү аркылуу, сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу.
- Адамдын руханий ѳсүүсүн жана маданиятын ѳнүктүрүү.
- Массалык спортту жайылтуу боюнча механизимдерди иштеп чыгуу.
- Сокулук районундагы дотацияда болгон айыл ѳкмѳттѳрүн, дотациядан чыгарууга багытталган механизимдерди иштеп чыгуу.
- Сокулук районундагы ар бир айылында, коопсуз айыл долбоорун иштеп чыгуу.
- Сокулук районунун агрардык маселесин чечүүгѳ багытталган иш-аракеттерин жандандыруу.