2025-жылга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы  булар - жолдор (оптималдуу, шагыл, асфальт) балдар аянтчаларын, жарыктандырууларды, таштандыларды чыгаруу, мектептерди, бала бакчаларды, спорттук имараттарды оңдоо.

Натыйжалуу экономика, кирешенин көбөйүшү: 1. Районубуздун бардык тургундарына 10% насыя бөлүүгө жардам берүү; 2.  Бюджетти көбөйтүүнү пландоо; 3. Социалдык маселелерди чечүүгө инвестиция тартуу (спорт объектилерине); 4. Инвестиция, инновация жана биздин аймакта өндүрүлгөн продукцияларды сатуу бөлүмүн түзүү

Турак жай жана коммуналдык чарба: 1. Сокулук районунун коммуналдык чарбаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо (мисалы: жакында «Айлана-чөйрөнү коргоо» долбоорунун алкагында техника (таштанды ташуучу) сатып алдык); 2. Таштанды чыгаруу үчүн аймакка таштанды жыйноочу орнотмолорду орнотуу

Ден соолук, экологиялык коопсуздук: 1. Жакынкы арада ФАПты бүтүрүү;

  1. Сокулук районунун аймагында жайгашкан бардык мал көмүүчү жерлерди тосуу

Үй-бүлөлүк-демографиялык саясат: 1.     Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аларды жакырчылыктын чегинен чыгаруу, ошондой эле алардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн ар бир айылдан бирден үй-бүлөнү камкордукка алуу.

Билим берүү: 1. Адистердин жетишсиздигинен мыкты студенттерди биздин республикадагы, ошондой эле биздин республикадан тышкары жерлердеги жогорку окуу жайларына зарыл кесиптерге жиберүү; 2. Курултайга «Мыкты жетекчи», «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» номинацияларын сунуштоо

Жаштар саясаты: 1.Жаштар комитетин кайра түзүү жана алардын иш программасын жайылтуу.

Маданият: 1. Сокулук районунун маданият үйүн оңдоп-түзөөгө жана Белек айылына клуб курууга көмөк көрсөтүү жана колдоо көрсөтүү; 2. Зарылдыгына жараша « 1-май» жана  «Гавриловка» айылдарына жеке менчик Маданият үйлөрүн куруу

Спорт: 1. Айыл өкмөттүн аймагына Спорт комплексин куруу долбоорун ишке ашыруу; 2. Аянты 648 чарчы метр болгон, ал волейбол, футбол жана машыгуучу жайдан, ошондой эле бардык жабдуулары менен бокс залынан турган спорт комплексин куруу.