Кутмандуу күнүңүздөр менен урматтуу Аламүдүн районунун кадыр барктуу тургундары! Урматтуу мекендештер! Урматтуу шалоочулар!

Мен, Дунканаев Айбек Медетбекович, Аламүдүн районунун  туруктуу тургуну болуп, биздин аймакта 30 жылдан бери үй-бүлөбүз менен жашап келем.

Ата-бабаларыбыздын кылым карыткан жолун жана тарыхын эске алуу менен, бүгүнкү күндө замандын талабы болуп, алдыга карай ийгилик жолун  улантууга жана биригүүгө убакыт келди. Баардык кыргыз элинин биригүүсүнө убакыт келди. Позиция жана оппозиция деп бөлүнбөй, биргеликте жаңы жана эрктүү кадамдарды мамлекеттин өнүгүүсү үчүн чогуу жасайлы. Биргеликте иштөө менен, Мекенибиздин жана элибиздин жашоо шартын бат өзгөртө алабыз. Бак-даракты тигүүгө эң ылайыктуу убакыт болуп, 20 жыл мурунку убакыт эсептелет. Кийинки эң жакшы  убакыт - бүгүнкү күн!

Так элдин эркинин билдирүүсүнөн, ар бирибиздин чечимдерибизден Мекенибиздин келечеги көз каранды. Бир гана биргелешкен кыймыл-аракеттердин алкагында биз сиздер менен жаңы муундагы жөндөмдүү, чечкиндүү, эрктүү жана жаңы идеяларга бай реформачылардын тобун түзө алабыз.

Ошону менен бирге сиздердин алдыңыздарга жеке өзүмдүн жашоо тиричилик жана кызматтык ишмердүүлүгүмдүн алкагында негизделген, карапайым эл менен танышуу убагында айтылган сунуштарды жана көйгөйлөрдү камтыган, өзүмдүн 100% аткарыла турган шайлоо программамды сунуштаймын.    

  • Жеткиликтүү жана бирдей стандарттагы билим берүү.
  • Күчтүү жана кепилденген саламатык сактоо.
  • Жалпы жарандык агарту жана руханий кайра жаралуу.
  • Спорт жана сергек жашоо ыңгайын жайылтуу.
  • Жол-транспорт инфраструктурасын жана жол чарбасын өркүндөтүү.
  • Калктын таза жана сугат сууга болгон мүмкүнчүлүн жогорулатуу.
  • Миграция мыйзамдарын реформалоо.
  • Натыйжалуу жергиликтүү аткаруу бийлиги.
  • Социалдык артыкчылыктар.

 

Мен куру убада жана куру сөз берүүдөн алысмын. Жогорку Кеңештин жана аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен, Аламүдүн тургундарына гана эмес, жалпы Кыргызстандыктарга заман талабына жооб берген шарттарды түзүү толук мүмкүн.

 

штабДЫН ДАРЕГИ: такталууда* (Аламүдүн айылы, көч.)

тел.:         0553 29 12 89 (WhatsApp)

САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ:   Dunkanaev.am@gmail.com