
Шайлоо астындагы программам иш жүзүндө калктын турмушун бардык жагынан камтыйт. Негизги максатым – аймактардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуу; Аламүдүн районундагы сугат каналдарын реконструкциялоо, дыйкандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү, үрөн көйгөйүн чечүү, Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин жашоочуларга максаттуу берүүнү жеңилдетүү ж.б.
Программанын негизги максаты – аймактардын өнүгүүсүнө мамлекеттин көңүлүн буруу, жарандардын бакубат жашоосуна ар тараптан шарт түзүү менен жакырчылыктан чыгуу.
- Аймактардагы инфраструктураны жакшыртууга республикалык бюджеттин көңүлүн буруу;
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин каржылоону толук республикалык бюджетке өткөрүп берүү;
- Сугат сууга болгон муктаждыкты жоюу максатында каналдарды жана БСРлерди куруу үчүн жылына республикадан бөлүнгөн каржыны көбөйтүү;
- Айыл жерлерине МТС түзүү;
- Учурдун көйгөйү болгон электр муктаждыктарын болтурбоо үчүн, аймактарга чакан ГЭСтерди куруу зарыл;
- Айыл жерлеринде туризмди өнүктүрүү үчүн Жайыт комитети жерлерди ижарага берүүсүн 5 жылга эмес, 30-40 жылга берүүсүн шарттоо;
- Айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик фонддогу жерлерди карапайым дыйкандарга убактылуу берүүнү жеңилдетүү;
- Жерлерди трансформациялоодогу тоскоолдуктарды азайтуу;
- Жаштар саясатын ишке ашырууга мамлекеттин көңүлүн буруу;
штабДЫН ДАРЕГИ: Төмөнкү Ала-Арча айылы киргизская көчөсү 171 а
тел.: 0501 157 888
САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ: chyntemirov2018@gmail.com