Урматтуу шайлоочулар!

Жогорку окуу жайда иштеген кызматкер катары жана Кант шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы катары мен үчүн эң маанилүү маселелердин  бири- бул жаш муундун билими жана ден соолугу экенин билем.

Билим берүү тармагына кабыл алынган мыйзамдар жана  программалардын ишке ашырылуусу бүгүнкү күндүн талабы. Билим берүү жеткиликтүү жана сапаттуу болушу керек.  Сапаттуу билим алуу кесипкөй адистин өз тармагынын профессионал болушуна жана келечекте  тажрыйба топтоого шарт түзөт.

Негизги программалардын жана менин платформамдын бири - бул жаш муундарга сапаттуу билим берүү жана адеп-ахлактыкка тарбиялоо.

"Максатсыз адам - канатсыз куш" деген кыргыздын накыл кеби бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адамды улуу максат жетелеп, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел.

Мындан сырткары, мен үй-бүлөлүк бакубатчылыкты колдоо программаларын иштеп чыгууну колдойм: жеткиликтүү кредиттерди берүү аркылуу турак жай саясаты маселелерин жакшыртуу, ипотекалык кредиттерди өнүктүрүү жана жеке турак жай куруу. Күчтүү жана бактылуу үй -бүлөлөр - биздин коомдун негизги күчү жана таянычы.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо -  бүгүнкү күндүн мамлекеттин башкы милдети.

Биринчи кезекте айылдарыбыздын жана алыскы калктуу конуштардагы жолдордун үстүнкү катмарын оңдоого багытталган каржылоонун көбөйүшүнө салым кошом.

Мен аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн долбоордук ишмердүүлүктү алга жылдырууга салым кошом. Биздин Ысык-Ата районунда өнугуунун бардык перспективалары бар. Бирок райондун потенциалы толук пайдаланылбай жатат.

Биз бул багытта иштеп, жаңы өндүрүштөрдү,  фабрикаларды, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга шарттарды түзүү жана биздин аймактагы чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу зарылдыгын ишке ашурууну көздөйбүз.

         Биз бирге гана районубуздагы жашоону жакшыртабыз!

Терн  урматоо менен,

Эдигеев Дж. А.

штабДЫН ДАРЕГИ: с.Туз

тел.: 0703 80 29 29

САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ: m.k.kant@mail.ru