Урматтуу, Ысык-Ата районунун жашоочулары!

  Бүгүн Сиздерге өзүмдүн шайлоо алдындагы программам менен кайрылып жатам, анын негизин менин жашоодо алган жана кесиптик тажрыйбам, ошондой эле райондун жашоочулары айткан көйгөйлөр жана сунуштар түзөт.

Райондун жарандары үчүн аракет кылам:

  1. Жеткиликтүү заманбап турак жай менен камсыздоо. Кант шаарына жакын үй куруу комбинатын түзүүгө аракет кылам. Бир жылда үй куруу комбинаты 2 млн. чарчы метр турак жайды курат, бул көп кабаттуу үйлөр гана эмес, дыйкандар үчүн коттедждер, ооруканалар, мектептер, бала бакчалар, ошондой эле заводдор, фабрикалар жана айыл чарба багытындагы объекттер болот. Комбинаттарда жергиликтүү калктын ичинен 15 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болот.
  2. Жерлерди трансформациялоо боюнча маселени чечүү, акыркы жылдардагы жер реформасы боюнча иликтөө жүргүзөм;
  3. Реформалар аркылуу мектепте билим берүү системасын жакшыртуу. Мектеп окуучулары үчүн толук кандуу тамактанууну милдеттүү түрдө киргизүү. Мугалимдердин ар-намысын жана кадыр-баркын ар тараптуу коргоо;
  4. Өнөр жай жана агрардык секторду, айыл чарбаны өнүктүрүү. Чийки зат экспортунан даяр өндүрүмдүн экспортуна өтүү үчүн өнөр жайды реструктуризациялоо процессин баштоо талап кылынат. Ата мекендик өндүрүштөгү өндүрүм үчүн сатуу рынокторун камсыздоону кепилдөө.
  5. Саламаттык сактоодо камсыздандыруу системасын реформалоо боюнча программаны жүзөгө ашыруу. Жарандардын медициналык кызмат көрсөтүүгө жетүү шарттарын жеңилдетүү үчүн санариптештирүү системаларын киргизүү;
  6. Мен сиздердин укуктарыңыздарды коргоо үчүн баратам, бардык бийлик өкүлчүлүктөрүндө айкындуулуктун жана мыйзамдуулуктун болушуна аракет кылам, коррупцияны жок кылууга бардык күч-аракетти жумшайм.

 

Урматтоо менен, Таштанбеков Акбϴкϴн Дукенович.

штабДЫН ДАРЕГИ: Кант шаары, ленин кϴчϴсу 78

тел.: 0 559 170  170, 0 509 170 170

САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ: akbokontastanbekov@gmail.com