Урматтуу кыргызстандыктар!

- Кыргызстанда улуттук байлыкты бир ууч абийирсиз бизнесмендер менчиктеп алган олигархиялык режим орноду. Капитализмдин дүйнөлүк кризиси Кыргызстандын экономикасынын кыйроосун курчутуп жатат.

- Мен ишенем, азыркы системанын алкагында кризистен толук чыгуу мүмкүн эмес. Бийлик алмашып, принципиалдуу жаңы социалдык-экономикалык жана саясий багыт керек. Кризиске каршы программада төмөнкүлөр каралган:

- өлкөнүн жаратылыш ресурстарын жана экономикасынын базалык тармактарын мамлекеттик менчикке кайтаруу, бул кийинки кайра куруулар үчүн зарыл каражаттардын булагын түзөт;

- жеке кирешеге прогрессивдүү салык салууну киргизүү (медайым жана олигархтар үчүн салыктарды бирдей үлүштө төлөөгө жол берилбейт.

- мамлекеттик валюталык каражаттарды ата мекендик экономикага инвестициялоо үчүн гана пайдалануу;

- илимдин жандануусу, илимий-изилдөө иштерине жана иштеп чыгууларга кеткен чыгымдардын олуттуу өсүшү;

- айлык акыларды, пенсияларды, стипендияларды жана балдарга жөлөкпулдарды жогорулатуу;

- турак жай-коммуналдык чарбаны күтүүгө чегерүүлөрдү көбөйтүү

- айыл чарбасын мамлекеттик колдоо, өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы ортомчулук байланыштарды кыскартуу жана башка чаралар.

Менин программам сиздердин сунуштар жана заказдар үчүн ачык.

Мен шайлоочуларга созумду беремин: ез ишинде ез программамды жана шайлоочулардын наказдарын жетекчиликке алып, алардын аткарылышы женунде дайыма отчет берип турууга; бийликти эмгекчилердин таламдарында пайдаланууга, алардын ак ниеттуу жана ырааттуу екул-дугуне жана укуктарын коргоого; Референдумдарды жана бул үчүн тургундардын чогулуштарын пайдаланып, жашоочулардын эң маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышууга реалдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу Азыркы саясий системада олигархтар союзунун жана бюрократиянын жеке кызыкчылыктарынан көз карандысыз жалгыз күч катары мен гана калам