Кымбаттуу шайлоочулар, жердештер!

Урматтуу Токмоктуктар, Чүйлүктөр жана Кеминдиктер!

Менин максатым – адамдардын жыргалчылыгы жана туулуп өскөн аймакты өнүктүрүү! Мен социалдык, аймактык же улуттук статусуна карабай, бардык жашоочуларга адилеттүү шарттарды түзүп берем!

Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн менин командам реалдуу иштер жана аймактын мүмкүнчүлүктөрү менен бекемделген ПЛАН иштеп чыккан! Бирок бул ПЛАНды БИРГЕЛИКТЕ гана ишке ашыра алабыз!

Жерибизди жандандыралы! Биздин Сары -Өзөн Чүйүбүз кайрадан адамдар жашаганга эң сонун чөлкөмгө айланууга тийиш!

 

ТАШИЕВДИН ПЛАНЫ!

  • Максаты: 2024-жылга 10 000 жаңы жумуш орундарын түзөбүз!
  • Кантип? Мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды мамлекеттин карамагына кайтарабыз! «Кумтөрдү» кайтардыкпы, биздин да ишканаларыбызды кайтара алабыз!

 

  • Максаты: Учурда аймактагы орточо айлык акы 13704,9 сом – аны 2024-жылга 24 000 сомго чейин көбөйтөбүз!
  • Кантип? “Кумтөрдүн” кызматкеринин орточо айлык акысы 30000 – 40000 сомдун тегерегинде. Ишканаларды элге кайтарабыз, аларды жандандырабыз, инвесторлорду тартабыз! Биз мындан да көп нерсеге татыктуубуз!

 

  • Максаты: Жаңы сапаттуу жолдор! 2024-жылдан баштап эле ар БИР калк жашаган айылдарда 10 чакырымдан кем эмес жолдорду курабыз жана капиталдык ремонттон өткөрөбүз!
  • Кантип? Аларды көзөмөлдөө жана текшерүү укугун жергиликтүү тургундарга беребиз! Уурулук азайса – жолдор көбөйөт!

 

штабДЫН ДАРЕГИ: Токмок Ш., Гагарина К., 75 (АРЗ2)

тел.: 3-53-11

почтаСЫ: tashiev_nomer_4@mail.ru