ПРОГРАММА
- Эгемендүү республикабыз коом катары сакталышына жана өнүгүшүнө багыт катары кызмат кыла турган, социалдык-философиялык, моралдык-этикалык, руханий-патриоттук дөөлөттөрүнүн системасын иштеп чыгып, аны практикада жаштарды тарбиялоого колдонуу жана алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.
- Эненин жана баланын жашоо сапатын жакшыртуу жана саламаттыгын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
- Көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар үчүн билимге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жеңилдетилген шарттарда турак жай сатып алуу, куруу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу.
- Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (жетим балдар, жесирлер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр) мамлекет тарабынан туруктуу колдоо көрсөтүү үчүн программа иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо, тактап айтканда пенсия түзүүнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү аркылуу минималдуу пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) иш менен камсыз кылган ишканаларга жана уюмдарга салык жеңилдиктерин жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн иштеп чыгуу зарыл.
- Билим берүү, медицина, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысын жогорулатуу.
- Социалдык имараттарды оӊдоо жана жаны имараттарды, спорт оюн аянттарын куруу, короолорду жашылдандыруу, жолдорду оӊдоо үчүн каражат бөлүүнү системдүү түрдө камсыздоо.
- Аймактарда дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алек болгон жарандардын көйгөйлөрүн (сугат, жайыт, күйүүчү майлардын баасы, техника, сактоо, сатуу, иштетүү) чечүү.
- Жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун катышуусу менен айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо. Таштандыларды чыгаруу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо иштерин жөнгө салуу.
- Массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү менен баардык жарандарды активдүү жана сергек жашоо образына үндөө.
- Кен байлыктарды казууда жана иштетүүдө жергиликтүү бюджетке пайда түшүрүүнүн пайызын жогорулатуу жана аларды көзөмөлдөө укугун өзүн-өзү башкаруу органдарына берүү.
- Аймактарда “Таза суу” программасын ишке ашыруу максатында таза суу менен камсыздалбаган айылдарга кыска мөөнөттө таза суу чыгарып берүү.