Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында 1953-жылы 19-ноябрьда жарык дүйнөгө келген.
Атасы Осмонаалы «Сталин», андан кийин XXII партсъезд колхоздорунда кой ферма болуп иштеген. 1955-жылы жол кырсыгынан кайтыш болгон.
Апасы Жийдекан 4 бала жана курсакта 5 айлык кыз менен жалгыз калган. Каныбек Осмоналиев балдардын кичүүсү. Эжеси Ишенкан, агалары Жайнак, Жаныбек, карындашы Гүлжакан. Жийдекан апа үй-жайы жок, беш бала менен окат кыла баштайт. Каныбек 3 жашка чыкканда чоӊ атасы Чөкүш ата 1 бөлмө там салып, Жийдекан апаны балдары менен бөлүп коёт. Агасы Жайнак, эжеси Ишенкан экөөнү Фрунзедеги №1-интернатка окууга жиберишет. Каныбек Осмоналиев 6 жашка толгондо мектепке окууга кирээр маалда апасы менен Эскелди деген казак устага кошулуп 2 бөлмөлүү үй салышат. Ошентип, Каныбек Осмоналиевдин турмуш жолунда эмгек жана окуу жолу башталат.
1968-жылы Бейшеке 8 жылдык мектебин, андан кийин 1970-жылы Кара-Булак орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Бейменаалы агасынын жардамы менен Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Тарых факультетине тапшырат. 1976-жылы аталган окуу жайды аяктап, Тарыхчы мугалими деген дипломго ээ болот.
1971-жылдан тартып Университеттин оор атлетика боюнча машыктыруучусу Иткин Семён Давидович менен жолугуп, оор атлетика менен машыгып калат. Машыктыруучусу экөөнүн тажабас эмгегинин натыйжасында Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Европанын 2 жолку чемпиону, СССРдин 2 жолку чемпиону, 1980-жылдагы ХХII Москва Олимпиадасынын чемпиону, СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери деген наамдарга ээ болгон. Ошондой эле, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү. Өкмөт тарабынан Каныбек Осмоналиевдин жетишкен ийгиликтерин баалап, Кыргыз ССРинин Жогорку кеӊешинин грамотасы, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу» наамы, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери» наамы, «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Даӊк» медалы, I жана III даражадагы «Манас» ордендери, «Эл агартуунун отличниги» наамы, Профсоюз уюмунун эмгек сиӊирген ишмери, Бишкек шаарына кылган эмгеги үчүн медаль, Кыргаз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ардак грамотасы» ыйгарылган. Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын «ХХ кылымдагы эӊ мыкты спортчусу» болуп тандалган.
Каныбек Осмоналиев өзүнүн кызматтык жолун 1974-жылы жөнөкөй дене тарбия боюнча инструкторлук кесип менен баштап, 1991-1995-жылдары Кыргызстандын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген. Ошондой эле, 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын туризм жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1996-2000-жылдары «Линко жана Каныбек» Кыргыз-Германия ишканасынын директору, 2000-2001-жылдары «Альфа» ишканасынын директору, 2001-2003-жылдары Ат спортунун жана заманбап беш спорттун түрү боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн Республикалык адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин директору, 2003-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, 2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын курама командаларын Олимпиадалык даярдоо борборунун директору, 2008-2009-жылдары оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн Республикалык адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин директору, 2009-2010-жылдары Республикалык оор атлетиканы өнүктүрүү борборунун директору андан кийин оор атлетика, жеӊил атлетика жана бокс боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн Республикалык адистештирилген Олимпиадалык резерв мектебинин директору болуп эмгектенип келген. 2017-жылдан тарта Каныбек Осмоналиев «Ынтымак» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп эмгектенген.
Өмүрлүк жары «Баатыр эне» Медеркан менен төрт уул – Мирлан, Чынгыз, Урмат, Тынчтык жана үч кыз – Эльвира, Венера, Нурзаданы тарбиялап жатышат. 20дан ашуун неберинин кадырлуу жана сүйүктүү чоӊ ата, тай ата, чоӊ эне, тай энеси.
Каныбек Осмоналиевдин «Олимп оттору» деген китеби чыккан. «Олимп оттору» китеби аркылуу окурмандарга өзүнүн өмүр баянын жана спорттогу жетишкендиктерин чагылдырган.