Экономика.
* Өндүрүштү колдоо боюнча мыйзам долбоорлорун даярдоо. Өндүрүшчүлөрдүн укугу корголмойун, иш алдыга жылбайт.
* Кемин жана Чүй райондорунун чыныгы өндүрүш потенциалын алдыга чыгаруу. * Жумуш ордуларын түзүү.
* Инвесторлордун жана инвестициялардын коопсуздугун сактоо кепилдиги боюнча мыйзам долбоорун даярдоо. Инвесторлор менен жергиликтүү бийликтин түз иштешүүсүнө шарт түзүү боюнча мыйзамдуулук базасын бекемдөө.
* Аймактын инфрастуруктурасын жакшыртуу
* Чүй-Кеминдеги туристтик климатты жакшыртуу.
Айыл чарбасы
- Мал чарбачылык менен алектенгендерге жеңилдетилген пайыздык насыяларды узак мөөнөткө берүү маселесин каржы министрлиги,улуттук банк менен бирдикте иштеп чыгып, биздин аймакка дагы тиешелүү өлчөмдө жеткирилишин көзөмөлгө алуу.
- Айыл чарба техникаларын лизинг менен алуу жолдорунун жеңилдешин жана пайыздык ченемди төмөндөтүү аракетин колго алуу.
- Асыл тукум малдардын түрлөрүн көбөйтүү жана тажрыйба алмашуу боюнча долбоор иштеп чыгуу.
- Аймакта өндүрүлгөн органикалык азык-түлүктөрдү даңазалоо менен дүйнөгө таанытуу, дыйкандар продукцияларын кымбат баада экспорттошуна кам көрүү.
Социалдык сектор
- Мугалимдердин жана дарыгерлердин макамын жогорулатуу.
- Маданият кызматкерлерин колдоо долбоорлорун сунуштоо.
- Социалдык шаарчалардын санын көбөйтүү.
- Билимге умтулган, таланттуу балдарыбыздын чет жактарда билим алып, кайра кичи мекенине кайтып эмгек кылуусуна шарт түзүү.
- Жаштар саясатын бекемдөө.
-
штабДЫН ДАРЕГИ:КЕМИН ШААРЫ.ЖИБЕК ЖОЛУ К.тел.: 0551549777
САЙТЫ ЖЕ почтаСЫ: https://www.facebook.com/nurlansharshenaliev