Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депуттык кызмат ордуна талапкердин программасы

  1. Жарандарыбызды социалдык жактан коргоо.

Өлкөдө бардык нерселерге баалар өстү. Тамак-ашка, жолкиреге, көмүргө, күйүүчүмайга. Жогорку Кеңешке келсем, башка өлкөлөрдөгүдөй мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, пенсионерлерге жана майыптарга бюджеттик компенсация берүүүчүнкүрөшөм.

2.Билим сапатын жакшыртуу.

Бардык мектептердикомпьютерлештиребиз. Бардыкмектептерге англис тилин сапаттуу окутуу үчүн англис тил мугалимдерин чет өлкөлөрдөн алып келебиз. “Бир бала - бир компьютер” программасын ишке ашырам.

  1. Европа жана АКШга жолачабыз.

Жарандарыбыз, өзгөчө жаштар үчүн Батыш өлкөлөрүнө баруу өтө маанилүү. Батышбизге, билимге, ишке жана жалпы эле жашообузга көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргыз жарандарына берилчү визалардын, окуу стипендияларынын, гринкарталардын санын көбөйтүүгө аракет жасайм.

  1. Мамлекеттик кызматчылардын чыгашаларын кыскартабыз.

Жакыр өлкөнүн бийлиги олигархтардай жашабашы керек. Биздин бийлик жупуну, жөнөкөй жана сарамжалдуу болот. Мамлекеттик жогорку кызматчылар өзүйлөрүндө жашайт. Көптөгөн жансакчылардан баш тартат. Элгеүлгү болот. Депутаттарда персоналдык машина болбойт.

  1. Сот системасы көзкарандысыз, ачык жана атаандаш болот.

Тандоо кеңеши коомчулуктун өкүлдөрү жана  медиа катышуусу менен  кайра түзүлөт. Сот процесстеринин баары ачык болот. Аудио жана видео жаздыруу мамлекет тарабынан кепилденет жана соттун соттук катчысы тарабынан тараптарга өткөрүлүп берилет.

6.Эркин адам – эркинөлкө. Адам укуктары, эркиндикжана демократия – бул жакырчылыкты жоюу боюнча программамдын негизги багыты. Өнүккөн өлкө соз эркиндиги, тынч чогулуш эркиндиги жана дин тутуу эркиндиги болгондо гана болот.