КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

   Экономикалык реформаларЖаңы заводдорду жана фабрикаларды куруу аркылуу жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу. Инфляцияны төмөндөтүү. Социалдык, экономикалык жана регионалдык теңсиздикти кескин түрдө азайтуу. Туризм индустриясын өнүктүрүү. Эл аралык рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү. Продукциянын сапатын жакшыртуу.СугатЭскирген ирригациялык курулуштарды калыбына келтирүү, 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына кирген объектилердин курулушун өз убагында бүтүрүү зарыл.Приоритеттүү маселелердин катарына ошондой эле: Стратегиялык маанилүү магистралдарды куруу, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, айыл жергесиндеги социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү, жаңы мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык мекемелерди куруу.             Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү зарыл.Борбордун жашоо деңгээлин өнүктүрүү жана жакшыртуу. Бишкекте көчөлөрдү жашылдандыруу жана жаңы парктарды куруу. "Жашыл Фрунзе шаарынын" статусун кайтаруу. Борбор шаардын көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу менен толук камсыздоо жана кадрлар менен камсыздоо.