КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

 

Мен, Абиров Жаныбек, Бишкек шаарынын тургунумун. 32 жаштамын. Эки жогорку билимим бар. Көбү мени Бишкек шаардык кеңешинин тарыхындагы эң жаш төрагасы катары тааныйт. 2018-жылдан 2021-жылга чейин шаардык кеңешти жетектедим, ал эми 2016-жылдан баштап депутат болдум.

 

Жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбамды эске алып, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өз талапкерлигимди көрсөтүп жатам.

 

Менин шайлоо алдындагы программам кыргызстандыктардын турмушунун бардык олуттуу чөйрөлөрүн камтыйт. Мен Бишкек шаарынын, анын ичинде Ленин районунун өкүлү катары Жогорку Кеңеште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча төмөнкү багыттарда иш алып барам:

- бюджетке түшкөн салыктарды республикалык жана жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бөлүштүрүү;

- чакан жана орто бизнести колдоо;

- мамлекеттик жана муниципалдык турак жайды менчиктештирүү мыйзамдарын жакшыртуу;

- экологияны коргоо – жашыл экономиканы, газдаштырууну өнүктүрүү, жашылдандырылган аянттарды көбөйтүү;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн бюджеттик каржылоону көбөйтүү – суу менен камсыз кылуу, жарыктандыруу жана канализациялык тутумдарды жаңылоо жана куруу, жол салуу, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият объектилерин куруу.

 

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер татыктуу жашоого татыктуусуздар! 28-ноябрь күнү шайлоого келип, кесиптешиңиз жана досуңуз – Абиров Жаныбекке добуш берүүңүздөрдү суранам.