КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:
Мен сунуштап жаткан программанын ар бир пункту райондун масштабында да, бүткүл өлкөнүн масштабында да, экономикалык, саясий, социалдык чөйрөнүн курч маселелерин чечүүнү сунуш кылат.
Экономика
- Кыргыз Республикасынын финансылык көз карандысыздыгы;
- Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө алдыңкы кванттык технологияларды киргизүү;
- “узак мөөнөттүү” кредиттер аркылуу бизнести мамлекет тарабынан колдоо.
Мамлекет
- биздин өлкөдө мыйзамдуулуктун принциптерин орнотуу;
- мамлекеттүүлүгүбүздүн башатына кайтуу;
- элдик демилгелерди колдоо чыныгы демократияны орнотуу;
Социалдык саясат
- Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдү жана коомчулукту социалдык жактан колдоо;
- үй-бүлөлөрдү колдоо жана эки же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө жеңилдетилген шарттарда турак жай сатып алуу программасын киргизүү;
- «Ымыркай медери» программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
Рухий жана маданий баалуулуктар
- бардык жарандардын маданий мурастарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- зордук-зомбулукту жана өзүн-өзү жок кылуу идеологиясын пропагандалоону чектеген чараларды киргизүү;
Экология жана ден соолук
- Активдүү жана сергек жашоону пропагандалоо;
- «Кыргызстандын экологиялык саясаты» мамлекеттик максаттуу программасын кабыл алуу;
Спорт жана физкультура
- активдүү жана сергек жашоо образын жайылтуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн спорттук имараттардын физикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Биздин максат-Өнүккөн жана ар тарабынан жетишкен Кыргызстан!