Шайлоо алдындагы программа

 

Менин максатым: жарандардын бакыбаттуулугу жана                    мыйзамдуу юридикалык коопсуздук.

адилет сот системасы.

менин  принцибим:  бийлик  күчтүү,  бирок элдин көзөмөлүндө болушу керек.

улуттук жана мамлекеттик идеология улуттук баалуулуктардын принциптерине ылайык иштелип чыгышы керек.

мамлекетте социалдык статусуна жана шартына карабастан бардык жарандар үчүн ирээтүүлүк жана катуу тартип болуу керек.

Бийлик элге, эл мамлекет үчүн кызмат кылышы керек.

менин тандоом: маркын жана өнүккөн өлкөдө жашоо, ар бир кыргыз республикасынын жараны үчүн татыктуу жана коопсуз жашоону камсыз кылуу жана келечек муунга бай, сыймыктуу көз карандысыз мекен калтыруу.

менин баалуулуктарым: кыргызстандын байлыктарын калыс бөлүштүрүү жана пайдалануу

мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.

өндүрүшкө инвестицияларды тартуу менен социалдык кепилдиктерди модернизациялоо аркылуу республиканын алыскы аймактарын өнүктүрүү.

баарын татыктуу айлык менен жумуш менен камсыз кылып, айыл чарба тармагын көтөрүү.

натыйжалуу жана жөнөкөйлөштүрүлгөн административдик реформаны баштоо.

мамлекеттик аппараттагы бюрократизмди жөнөкөйлөштүрүү.

мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жана эл өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, депутаттардын санын кыскартуу менен «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө

мыйзам чыгаруу жыйынын 30 депутатка мамлекеттин каржылоосу менен жана мамлекеттик бюджеттен каржылоосуз эл өкүлдөрүн санын 75 ке чейин кыскартуу.