КР Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

 

Күчтүү борбор - күчтүү мамлекет.

 

Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутат деген ким? Ал ошол аймактын жогорку бийликтеги эл өкүлү. Ошого байланыштуу менин ишимдин негизи - жогорку бийликте Бишкектин жана бишкектиктердин кызыкчылыгын коргоо жана таламын талашуу болот.

Бишкек мамлекетибиздин саясий кана борбору болбостон, экономикалык дагы борбору. шаарыбызда өлкөбүздүн жарандарынын 1/5 жашап жатышат. Ошондуктан бишкек мамлекеттин локомативи жана башка региондорго үлгү болуусу шарт. Буга байланыштуу бишкеке азыркыга караганда дагы көбүрөөк көңүл бурулуп, дагы көбүрөөк каражат бөлүнүшү керек.

Менин депутат катары ишимдин негизги принциби башка бийлик бутактары менен тыгыз иш алып барып, шаарыбыздын көйгөйлөрүн чечүү болот.

 

Саясий программам - "Маданият жана коопсуздук ".

Маданият улуттун негизи жана мамлекеттин өзөгү болуп эсептелинет. маданият бул жалгыз кана санат эмес, бул алам баласынын баардык жашоо-турмушунун негизи. Маданиятыбыздын төмөндөшү, бара-бара мамлекетибиздин талкаланышына алып келет. Ошол себептен, эң кыска мөөнөттө маданиятка көбүрөөк көңүл бөлүп, бийик деңгээлге көтөрүүгө милдеттүүбүз.

Адамдар өз коопсуздугу үчүн мамлекеттерди түзүп келишкен жана ошол мамлекет калкынын коопсуздугун толугу менен камсыздап бериш керек. Азыркы маалда Кыргызстан жарандарына коопсуздугунун кепилдигин бере албай келүүдө.

Мен ички жана тышкы коопсуздукту камсыздоо үчүн баардык аракетимди жумшайм. жарандардын ден-соолугу жана өмүрү баардыгынан кымбат!