КР жогорку кеНешИНИН ДЕПУТАТТЫК КЫЗМАТЫНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГрамма

БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ

- Билим берүүнүн бардык программаларын жана усулдарын дүйнөнүн заманбап талаптарына ылайыкташтыруу, ишкердикти, санариптик коммуникациялык көндүмдөргө үйрөтүү жана заманбап медианы өнүктүрүү;

-Мугалимдерди татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу жана ашыкча иштөөгө тыюу салуу, мугалимдерди чыгармачылык өз алдынчалыкка кайтаруу жана бюрократиялык түзүмдөрдү жоюу;

- Аймактык жана муниципалдык балдардын искусство мектептерин реконструкциялоо жана (же) капиталдык оңдоолорду жүргүзүү;

- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу менен маданий мурас объекттерин калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО

-Медициналык мекемелерди оптималдаштыруу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу (бирдиктүү терезе) жана отчёттун көлөмүн азайтуу;

-Массалык спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

-Билим берүү мекемелерине «мектеп медицинасын» кайтаруу.

ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК

- Ишкердик ишмердикти каттоону бюрократиясыз жана ашыкча формалдуулуксуз - билдирүү тартибинде камсыз кылуу;

- Ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн натыйжалуу фондун түзүү;

- Инвестицияларды мамлекеттик коргоону камсыз кылуу;

- Укук коргоо жана башка текшерүүчү органдардын чарбакер субъекттердин жана ЖИ ишине негизсиз кийлигишүүсүнө тыюу салуу.

ҮЙ-БҮЛӨ КООМДУН НЕГИЗИ 

- Балалуу үй-бүлөлөрдү колдоонун башка мамлекеттик формаларын сактоо жана өнүктүрүү менен энелик капиталдын концепциясын киргизүү (мисалы, Россияда);

- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоонун тутумун жана камтуусун кеңейтүү; эки же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө салыктык жеңилдиктерди берүү жана аларга социалдык кызматтарды төлөө үчүн социалдык колдоо көрсөтүү;

- Жалгыз бой энелерди колдоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү

ЖАРАНДАРЫБЫЗДЫН ЖАШОО ДЕҢГЭЭЛИ

- Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимумунан төмөн эмес эмгек акынын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу;

-Окуучулар арасында кесиптик багыт берүү  тутумун киргизүү жана өнүктүрүү;

- Заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү үчүн кесиптик билим берүү тутумун модернизациялоо.