КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

  1. Биз үчүн эң маанилүү темалардын бири - жаш муундун билими жана ден соолугу. Мен билим берүү системасынын көйгөйлөрүн көрүп, түшүнөм. Билим жеткиликтүү, сапаттуу болушу керек, окуу китептери, программалары ушуга дал келиши керек. Билим берүү системасынын мектеп программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен биздин республиканын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл. Жогорку класстын окуучуларынын билим берүү программасына финансылык сабаттуулук боюнча предметти (дисциплинаны) киргизүүнү сунуштайм. Мамлекеттин келечеги жаштардын негизги турмуштук процесстерге канчалык тез кошулуусунан көз каранды. Профессионалдык активдүүлүгүн жогорулатуу, карьералык өсүү, турак-жай жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу жаш адистерди биринчи жумуш ордунда кармап калууга көмөк көрсөтүү өтө маанилүү.2. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо өзгөчө көңүл бурууну талап кылган башкы милдет. Оорулардын алдын алуу жагынан калк менен ишти жолго коюу зарыл, аларды диагностикалоонун ыкмалары боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгү болушу керек.3. Үй-бүлөнүн бакубаттуулугун колдоо боюнча программаларды иштеп чыгууга колдоо көрсөтөм: арзан кредиттерди берүү аркылуу турак-жай саясатынын маселелерин өркүндөтүү, ипотеканы жана жеке турак жай курулушун өнүктүрүү. Бекем жана бактылуу үй-бүлөлөр – бул коомубуздун негизги күчү жана таянычы. Ошону менен бирге, үй-бүлөнүн экономикалык негизинин маанилүүлүгүнө карабастан, психологиялык туруктуулукка жана үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун туруктуулугуна көңүл буруу. Жумушсуздарды, үй-жайсыздарды колдоо жана аларга жардам берүү, алар мамлекеттин камкордугун сезиши үчүн субсидиялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.4.Биздин аймак үчүн олуттуу көйгөйлөр – аймактарды жана жолдорду жакшыртуу, суу менен камсыздоо жана суунун сапаты маселелери. Буга байланыштуу районубуздун борбордук көчөлөрүндөгү гана эмес, алыскы көчөлөрдүн жол катмарын оңдоого, ошондой эле районубуздагы тазалоочу жайларды жана эски инженердик коммуникацияларды реконструкциялоого багытталган каржылоону көбөйтүүгө салымымды кошом.