КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН

ПРОГРАММАСЫ:

Бишкек шаарында 2021-2031-жылдарга жеке турак жайларды өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашыруу;

Бишкек шаарында жаңы имараттарда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны ишке ашыруу (калкты иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты жоюу үчүн, спорт зал, тигүү цехтери жана башка жумуш орундарын ачуу үчүн).

Жаш муундарды кыргыз элинин үрп-адат, каада-салтына ылайык тарбиялоо.

Кыргыз Республикасында жашаган бардык элдердин тынчтыгын жана ынтымагын камсыз кылуу.

Глаболизация доорунда улутту сактап калуу, үй-бүлө институтун, аксакалдар кеңешин, элдик курултайды жана үрп-адаттарды сактоо.

Кыргыз Республикасынын жети облусунда улуттук руханий этно, улуттук дин кызматкерлеринин экспо-комплексин (Манас ааламы) куруу.

Мамлекеттик чиновниктер менен менчиктештирген жылдардагы кыргыз элинин тонолгон байлыктарынын эсебинен элдик банк түзүү.

Мезгилдин талабы боюнча атайын программа боюнча жацы техниканы колдонуп, пландуу экономиканы, эл чарбасын, ендурушту, енер жайды.

Өндүрүштү көтөрүү үчүн биз салыктарды, бажы төлөмдөрүн азайтып, банк системасын кошо алганда, оптималдаштыруу боюнча тиешелүү мыйзамдарды кабыл алабыз.

Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана рентабелдүү тармакты, анын ичинде тоо-кен өнөр жайын, энергетикалык өнөр жайды, алтын казып алуу тармагын мамлекеттин менчигинде калтыруу.

Мыйзамдуулукту сактоо, мамлекеттик коопсуздукту жана мамлекеттик чек араны чыңдоо, сот адилеттигин камсыздоо.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн илимди, билимди, маданиятты жаңы технологияны (мамлекеттик электрондук система менен камсыз кылуу) колдонуу менен көтөрөбүз, бекер билим жана медициналык жардам көрсөтөбүз.

Коррупцияга көзөмөлдү күчөтүү жана люстрацияны камсыздоо.