Адамдарга сүйүүнү кайрып берүүнү каалайт.
Адамдар – биздин баа жеткис байлыгыбыз!
Адамдардын ортосундагы гумандуу мамиле жана эки тараптуу урмат-сый коммуникациясынын негизи болушу шарт:
“АДАМ АДАМГА – ДОС, ЖОЛДОШ ЖАНА ТУУГАН”. Ал Өзүнүн алдына реалдуу түрдө жете турган милдеттерди койду:
- Баардык шаардыктар шашылыш түрдө акысыз флюрографиядан өткөрүлүшү, эгерде өпкө жабыркаган болсо дарылоо акысыз болушу шарт.
- Шаардыктардын саламаттыгына өтө зыян алып келүүчү чаңдан, түтүндөн, бензиндин түтүнүнөн биздин Бишкекти жана шаар тургундарын сактап калуу. Фрунзеликтер, бишкектиктер ойгонгула, силердин пассивдүүлүгүңөр биологиялык кыйроого алып келет.
- Короновирус оорусу менен жабыркаган шаар тургундарына компенсация төлөө.
- Балдарды жана пенсионерлерди бекер текшерүүдөн өткөрүү жана дарылоо.
- Шаар тургундарына пенсияны жана жашы жете элек балдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү.
- Коммуналдык тарифтерди төмөндөтүү, ал эми пенсионерлер үчүн төлөмдөрдү жоюу.
- Транспорттук тейлөө тарифтерин жогорулатпоо, ал эми пенсионерлер үчүн төлөмдөрдү жоюу.
- Шаардагы медициналык мекемелерде оорулууларды арзандатылган баадагы дарылар менен камсыздаган дарыкана түйүндөрүн ачуу.
- Балдардын дең соолугу чың жана чымыр болуп өсүшү үчүн Бишкектеги боюнда бар аялдарды жана ымыркайларды бекер азыктандыруучу аралашмалар менен камсыздоо.
- Бала бакчаларды жана мектептерди ар жылы милдеттүү түрдө медициналык көзөмөлдөн өткөрүү.
- Бала бакчаларда жана мектептерде ар бир жаш категориясына карап илимий деңгээлде иштелип чыккан дене тарбия сабактарын жана спортту ишке киргизүү.
- Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттардын курулушуна мараторий жарыялоо.