КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ

Билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк. Бала бакчалар жана мектептер бардык балдар үчүн ата-энелеринин материалдык абалына карабай жеткиликтүү болууга тийиш. Төлөмдөр жоюлуп, чыгымдарды мамлекет колго алып, камсыздашы керек. Эгер мамлекет муну аткара албаса анда билим берүү тармагы түрдүү диний радикалдык агымдардын, топтордун курмандыгына айланып, өлкө артка жылат.

Билим – жаркын келечектин шамы! Бүтүндөй өлкө башкы багытты билим жолуна коюшу керек. Октябрь районуна: мектеп жана бала бакча курууну сунуштайм. Көп кабаттуу үйлөрдү мектеп, бала бакча, оорукана, почта бөлүмдөрүн жана мүрзөнү эске албай куруп жаткандарына тыюу салууну сунуштайм.

Бардык предметтер боюнча окуу китептери сатып алынып, Октябрь районундагы китепканаларга тапшырылат. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын балдары жеткиликтүү билим алат. Китепканаларды билим борбору катары популярдуу кылам.

Экология. Октябрь районун борбор калаабыздагы эң жашыл районго айлантууга болот. Ботканикалык бак өзгөчө көңүл бурууга жана өзүнчө деталдуу бюджетке муктаж. Мен Ботаникалык бактын суугаруучу түтүктөрүн калыбына келтирүүгө аракет кылам.

Жашылдандыруу иштери ишембиликтерде гана жүргүзүлбөшү керек. Октябрь районуна сугат суу программасы иштелип чыгып, андан кийин жашылдандурууга өтүш керек. Сугат суу маселеси чечилбесе анда тамчылатып суугарууну сунуштайм. Октябрь районунун чыгыш тарабына, өзгөчө Туңгуч кичирайонуна бак-дарактарды отургузуу абзел. Октябрь районунун карамагындагы парктарды өзүм жеке көзөмөлгө алам жана коргойм.

Турак жай башкармалыгын өнүктүрүү. Турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин бир нечеси чогулуп, төлөмдөрдү жыйнап, өздөрүнө керектүү муктаждыктарга сарптоого болот. Турак жай менчик ээлеринин шериктиктери бар батирлердин баасы кымбаттай баштайт, себеби үйлөрдүн айланасы көрктөндүрүлүп, подъезддерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, видеокамералар орнотулуп, тазалык тыкыр каралат. 

Саламаттыкты сактоо. Борборго ири эмканаларды (поликлиникаларды) куруу үчүн Республикалык бюдежттин эсебинен каржылык колдоону талап кылууга убакыт келип жетти. Мен бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коём.

Жарандар менен иш алып барууда жума сайын өзүмдүн www.bekeshev.kg сайтым жана социалдык тармактар аркылуу отчет берип турам.