КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

 

Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүү жана аны жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу КООМДУК-МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТТИ (комиссияны) түзүү зарыл! Саламаттыкты сактоо жана билим берүү институттары  менен коомдун потенциалын жана ресурстарын өз ара аракеттенүүсү, саламаттыкты сактоого жана билим берүүгө коррупциялык таасир этүү схемаларын четтетүү, жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн - аймактык жайгашкан жериндеги бардык объекттерди жана мекемелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу көзөмөлүнө өткөрүү керек.

Мамлекеттик мекемелердин кадрдык сапатын калыптандырууда жана кызматкерлерди тандоосунун  өзгөрүлгүс критерийинин бир гана  стандарты болушу керек - Кесипкөйлүк (Профессионалдуулук)

Өкүлчүлүк (шайлануучу) органдарды түзүүдө бир  критерий болушу керек- ЭРКЕК менен АЯЛДЫН бирдей өкүлчүлүгү!

Ар бир региондо ЭЛАРАЛЫК ЖАРАНДЫК  ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУН түзүү керек!

ШАЙЛАНУУЧУ  СОТТУК  ЗАСЕДАТЕЛЬ  институтун киргизүү керек!

КООМДУК ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДА ЭЛДИН КАТЫШУУ практикасынын  толук ишке ашыруу үчүн, интернет талаасындагы коомдук угуулар статусун мыйзамдуу түрдө ыйгаруу керек!

Мамлекеттик бюджеттен эки эсе көп болгон эмгек мигранттарынын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы көнүлгө алынышы керек! Жана ошондой эле алардын санын, жашын эске алуу менен бирге, алар биздин мамлекеттин эӊ мыкты жарандары болуп эсептеленишет – алардын  Социалдык Инвесторлор деген  юридикалык статусун алууга толук укугу бар.