Коррупцияга каршы күрөш жана укук тартибин коргоо

Атка минерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелерине жана чыгашаларына такай мониторинг жүргүзүүнү демилгелеп жатабыз. Мыйзамсыз баюуга шектелсе, алар статусуна жана ээлеген кызматына карабастан кылмыш жазага тартылат.

Күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн учурдагы системасын жокко чыгарабыз. Алардын эффективдүүлүгүнүн негизги критерийи жарандардын ишеними болот.

Арыкчылыктуу иш-чаралардын планы

Салык төлөөчүлөрдүн каражаттарынан айлык акы алып жаткан адамдардын ишинин үстүнөн ЖМК, БӨУ жана активисттер тарабынан көзөмөл жүргүзүү үчүн шарттарды түзөбүз.

Укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын иштеп чыгабыз.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн социалдык турак-жайдын курулушуна каражаттарды табабыз.

Шаар коопсуз болушу керек

Бишкек – жайлуу аймак! «Коопсуз короо» жана «Коопсуз шаар» долбоорлорун ишке ашырууну тездетебиз.

Көйгөйлүү деп саналган кварталдарда, кичи райондордо жана калктуу конуштарда жаңы милиция бөлүмдөрүн ачууну демилгелейбиз.

Өлкөдө жыл сайын жол кырсыгынан каза болгондордун саны өсүүдө. Аны ар тараптуу анализдөө үчүн атайын мыкты делген эксперттерди чакырабыз жана маселенин чечилишин тездетебиз.

Социалдык блок

Мамлекет-менчик өнөктөштүктүн негизинде жаңы бала бакчаларды курууну демилгелейбиз.

Турак жай-коммуналдык чарба кызматтары, дары-дармек жана тамак-аш азыктарынын бааларынын өзгөрүшүнө жараша пенсия жана жөлөк пулдарга индексация жүргүзөбүз.

Жаштар Мекенинде жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Аймактарда жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө түзөбүз.

Эмгек мигранттарын пенсия камсыздоонун ийгиликтүү моделин иштеп чыгабыз.