КР жогорку кеҢешИНИН депутатЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПрограммаСЫ:

Экономикадагы реформалар

Биз ишкерлердин кандай көйгөйлөргө кабылып жатканын абдан жакшы билебиз. Кичи жана орто бизнести колдоо үчүн реалдуу программаларды иштеп чыгып, аларды иш жүзүнө ашырабыз. Калктын жакырчылыгы өтө курч маселелердин бири деп эсептейбиз жана аны эки эсеге кыскартуу үчүн аракет жасайбыз. Биз эмгек рыногунда жумушчу күчүн максималдуу түрдө натыйжалуу колдонуу үчүн, жаңы мыйзамдарды кабыл алабыз.

Артыкчылыктуу иш-чаралардын планы

Фермерлер менен дыйкандарга жеңилдектерди түзүп жана пайызсыз насыялоо ресурстарын жеткиликтүү кылып берүү.  Ишкерлик субъекттери үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу. Министрлер кабинети менен айыл чарба жана өнөр жай тармактарына узак мөөнөттүү инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш алып баруу. Туристтик дараметибиздин 50% дагы пайдаланылбай жатат. Мамлекеттик органдар чет элдик туристтердин агымын камсыздаган субъекттер менен иш жүргүзүүсү керек.

 Социалдык чөйрө жана саламаттык сактоо тармагы

Биз билимдүү жана дени сак коомду каалайбызбы? Келгиле, мугалимдерге жана дарыгерлерге татыктуу эмгек акы төлөйлү! Учурда иштеп жаткан ооруканалар жана бейтапканалар модернизацияга өтө муктаж. Келечектеги дарыгерлердин сапаттуу билим алуусун катуу көзөмөлдөө керек. Биз базалык медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү чектөөсүз болушуна жетишүүбүз зарыл. Калктын аярлуу катмары жөлөкпул менен жеткиликтүү камсыз болууга тийиш.

 Экология жана жайлуулук

Кыш мезгилинде жаралган түтүн маселесин чечүүгө комплекстүү мамиле керек.

Бишкек - жашыл шаар! Бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандар үчүн жазаны катаалдатабыз. Калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө бериле турган каражаттын көлөмүн көбөйтөбүз.