Программа

 

  1. Мектептерге, билимге жана балдар үчүн инвестиция тартуу

Үч баланын атасы катары биздин райондун көйгөйлөрүн жакшы билип, түшүнүп турам.  Азыр бизде мектептерде орун жетишпейт. Бир класста 40 бала окуган учурлар көп болуп жатат. Ошондуктан бул маселени чечүү, инвестиция тартуу мен үчүн эң негизги приоритет. Тилекке каршы, шаарыбызда тойкана менен ресторандар мектептерге караганда көбүрөөк салынап жатат. Биз бул көрүнүштү тез арада өзгөртүшүбүз керек. Жаңы мектептерди жана бала бакчаларды салып, инвестиция жана болгон каражаттарды балдарыбыз үчүн жумшоо керек.

  1. ТЭЦти жана жаңы конуштарды газга которуу аркылуу биз дем алган абанын сапатын жакшыртуу

Акыркы жылдары булганган абаны жана Бишкекти каптаган смогту баарыбыз байкадык. Былтыр болсо көп күндөрү бою Бишкектин абасы дүйнө жүзүндөгү чон шаарлардын ичинде эң кир болуп табылды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ВОЗ, WHO) айтуусу боюнча кир абадан жылына 7 миллион адам эрте каза болот экен. Бул маселенин үстүнөн биз жакшылап иштебесек, сиздин ден соолугуңуз, келечек муундун жана улутубуздун ден соолугу жана келечеги жакшы болбойт.

Мен Бишкекте төрөлүп өскөм. Ошондуктан шаарыбыздын азыркы абалын көрүп, өтө капаланам. Мурун Бишкек өтө жашыл, кооз жана таза шаар эле. Абасы таза, көчөсү таза жана кооз Бишкекти курууга кадам таштайлы!

  1. Заманбап жана ыңгайлуу коомдук транспорт

Бишкектин маршруткалары көп көйгөйлөрдү жаратып жатат. Алар абаны булгайт, пробкаларга алып келет жана жүргүнчүлөрдү да топтоп алып, өтө ыңгайсыз абал түзөт. Тилекке каршы, көп тургундар үчүн маршруткалар жалгыз гана транспорт. Башка транспорт менен жумушка жана мектепке баруу көп жарандар үчүн мүмкүн эмес. Коомдук транспортту жаңыртуу албетте көп каражатты талап кылат. Ошондуктан бул көйгөй шаардык эле эмес, мамлекеттик көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан бул көйгөйдү жалгыз мэрия чече албайт. Бул маселени мэрия, мамлекет жана жеке бизнестин өнөктөштүгү аркылуу чечебиз.