№32 Кочкор шайлоо округунан
бир мандаттуу Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеешине депутаттыкка талапкер
АЖЫМАМБЕТОВ АКТАН АЙЫЛЧИЕВИЧТИН
шайлоо алдындагы
ПРОГРАММАСЫ
Менин башкы максатым: Кыргыз элибиз укуктук моралдык жана социалдык жактан бирдей деңгээлде камсыз болуп, бай кедейге бөлүнбөстөн адамдар бири бирин колдоп коомдун баалуулугу адамдар өзубүз экендигибизди моюндап, эң алгач коом оңолуушу үчүн адамдардын аң сезимин мекенди сүйүүгө, бири бирин баалоого багыттап мекенибиздин жол багытын (идеологиясын) тактап өнүккөн алдыңкы мамлекеттерден болууга жетишүү.
Азыркы учурдун көйгөйлөрү:
1. Эл арасында ар кандай түрдүү орулардын күч алышы.
2.  Миграция, элдер ез үйлөрүн таштап чет элге оокат кылыш үчүн кетиши.
3. Банктардан кредит алышып төлөй албастан үй жайынан айрылышып, соттолушуп, керек болсо өз жандарын кыйганга баргандыктары.
4. Элибиз руханий кризиске такалып жан дуйнөнүн тынчсыздыгы оору стресске алып келүүдө. Улуттук жол багытыбыз (идеология) такталбастан ар маданияттардын, диндердин, секталардын түрлөрү киргизилип терс көрүнүштөр элибиз бир ойго биригип алдыга карай ашырууга жолтоо болууда.
5.  Үй бүлөөлүк баалулуктар көзөмөлгө алынбагандыктан ажырашуулардын коп болуп жаткандыгы көптөгөн балдардын жетим болуп чоңоюшу, Кыргызстанда ата-энеси жок жетим балдар үйлөрү коп ачылуусу өкүндүрөт.
6.    Карыларыбызга керектуу деңгээлде көңүл бурулбагандыктан, пенсиялар жетишпегендиктен азыркы учурда уул-кыздарыбыз элибиздин салттуу тарбиясы менен чоңойбогондуктан карылар үйлөрүнүн көбөйүшү келип чыгууда.

7.     Акыйкатсыздык өкүм сүрүп сот, милиция, прокуратура кызматкерлери биргелешип элге кызмат кылышпастан кээ бир учурларда өздөрү мыйзамсыз коррупциялык жолдорго барышып күнөлүүлөрдү коргошуп, кунөөсү жок адамдарды күнөөлүү кылып коюушу өкүндурөт.
8.   Жер астындагы, жер үстүндөгү кең байлыктар жалпы элге тең бөлүштүрүлбөстөн лицензия берген кызматтагылар менен бир топ адамдардын кызыкчылыктарына эле иштеши, экономикабызга чоң сокку болууда.
9.  Бейиштин торундой болгон керемет жерибизде туризм тармагынын өнүгүшүү жолго коюлбагандыгы.
Ушул маселелерди, кейгейлерду чечуу үчүн төмөндөгү иш чараларды аткарууга көптөгөн мыйзамдарды кабыл алуу керек.
1. Эл арасында ооруларды куч алуусун токтотуу үчүн «Биринчи байлык ден соолук» дегенди ураанды туу тутуп, ар бир жергиликтүү медициналык борборлордон элдер берек текшерууден өтүп турушуп камсыз кылуу керек. Ымыркай балдарды чоңойгончо үйлөрүнө дарыгерлер барып текшерип туруш керек. Баардык айыл өкмөттөргө ден соолукту чыңдоочу спорттук имараттарды куруу зарыл.
2.  Ички сырткы миграция маселесин чечүү үчүн жергиликтүү элдерге ошол жашаган жеринде иштегенде кызмат ордун түзүп, өзгөчө айыл жергесинде дыйканчылык кылганга суугат суу маселесин чечип бериши керек. Андан тышкары эл менен кеңешип чакан ГЭС, фабрика, заводдорду өзүбүздүн күчүбүз менен же инвесторлор менен биргеликте куруп берүү керек.
3. Банктардан алган кредиттерин төлөй албаган карапайым элдин карыз алган учурдагы келишим кагаздарын кайрадан карап чыгып, мыйзамсыз көрүнүштөр болсо элдин карызын чечип берүү жагын караштырыш керек. Муктаждыктан улам кредит албашы үчүн ал бир аймактарда элдик фондтор тузүлүш керек. Абдан муктаж болгондорго ошол фонддон акча бөлүп берип, ошол үй  бүлөнүн  өнүгүп кетишине  элдин  фондтун жетекчилиги жана жергиликтүү мамлекеттик жетекчилик көзөмөл кылыш керек. Себеби элдик фондтун жарым акчасы мамлекеттик бюджеттен камсыз кылынат.
4. Элибиздин руханий кризистен чыгаруу маселесин чечүү үчүн улуттук идеология кабыл алынып «Улууга урмат, кичүүгө ызат», «Карысы бардын ырысы бар», «Кызга кырк үйдөн тыйю» деген ата-бабаларыбыздын мыйзамдарын элге сиңирип тыштан кирген ар кандай терс идеологиялардын негизинде адамдардын жан дүйнөсүнө, аң сезимине булук салган көрүнуштөрдү кан буугандай токтотуш керек.
5.  Үй бүлөөлүк баалуулукту сакташ үчүн кыздарыбызды эне болууга, балдарыбызды мекен коргоп, ата болууга аң сезимин даярдап коомубуздун өзөгү кучтүү дени сак үй бүлө экендигин түшүндүрүү менен жаш үй бүлөөлөр жакшы жашап кетиши үчүн мамлекет тарабынан үй менен жумуш менен камсыз кылыбыз керек.
6.   Карылар үйүн азайтуу үчүн пенсияларды көбөйтүп балдарынан жоопкерчиликтерин карап ата-энесин таштап кеткердерге чара көрүу керек.
7.  Күч, укук коргоо кызматтарынын акыйкатсыз көрүнүштөрүн жөнгө салуу үчүн жергиликтүү аксакалдар, элдик сотту жандандырып мыйзамга женил кылмыштар учүн элдик фондтун эсебинен мамлекетке айып пул толоп кутултууну киргизиш керек.
8.  Жер астындагы, жер үстүндөгү кең байлыктар ошол жергиликтүү аймактын муктаждыгын камсыз кылып, артканы республикалык бюджетке түшуп баардык аймактын маселелерин чечүүгө тегиз бөлүнүш керек.
9.  Туризмди өнүктурүү үчүн Кыргызстаныбыздын жаратылышы абдан кооз болгондуктан өзгөчө экотуризмди жандандырып таза тамак-аш, таза абада эс алуу деген чакырык менен эс алуучуларга шарт түзүп беришибиз керек.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)