Мен жакырчылыкка каршы күрөштү шайлоо алдындагы программамдын негизги максаты деп эсептейм. Төлөмдөр жана жөлөк пулдар жакырчылык менен күрөшүүгө жетпейт. Биринчиден, толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү. Элибиздин калыс, татыктуу жашашын каалайм. Менин милдетим Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа донор жана дотацияда чыгаруу алдынкы өнүккөн областка айландыруу. Учурда мен бир нече багыт боюнча программа иштеп жатам: мугалимдерге, дарыгерлерге, муниципалитеттерге: Нарын облусунда өнүктүрүү фондун түзүп, элдин социалдык маселелерин чечүү. Кара-Кече көмүрүн тазалоо комбинатын куруу жана полукокс менен иштей турган 2300 МВт ТЭЦти куруу (себеби бүгүнкү күндө Кара-Кеченин запасы 2 млрд. тоннадан ашык). Ал эми көмүрдөн нефти, тонбой турган реактивдүү бензин, дизель чыгарууга болот жана газ алынат. Ошону менен бирге 25 миң жумушчу орун түзүлөт. Келечек муундарга таза суунун запастарын сактоо үчүн Нарын облусуна базальт заводун куруу максатын ишке ашырыш керек. Нарын облусунун ар бир районуна жашылча-жемиш өстүрүүчү күнөсканаларды куруу. Мугалимдерге менен медиктерге социалдык батирлер куруп берүү маселесин которуп жана ишке ашыруу.

 

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)