Азамат Канатбекович Мелисовдун ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ
Саясат жана бийлик
Бийлик өкүлдөрү эл үнүн уккандай кылып, жарандардын чогулушуусу үчүн шарттар түзүлүш керек. «Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынышы керек.
Айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын эл шайлаш керек. Айыл жеринде өзөктүү чечимдер кабыл алынгандай тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Региондорго, чакан шаарларга жана айылдарга көбүрөөк каражат жумшалыш керек. Салык жыйымдары региондо калыш керек.
Социалдык саясат: билим берүү жана илим, саламаттык сактоо жана экология
Театрлар, музейлер, китепканалар, парктар, искусство кызматкерлери сүрөтчүлөр, музыканттар жана башка маданият кызматкерлеринин иши мамлекеттик деңгээлдеги колдоо алыныш керек.
«Кесиптик багыт женундв» мыйзам кабыл алынышы керек. Мектептерде кесипке үйрөтүүгү кеңүл бурулуш керек. Мезгилдин талабынан ылайык кесиптик кадрлар мамлекеттин эсебинен окутулуш керек.
Жумуш берүүчүлөрдүн талабына ылайык окуу программалар жаныртылыш керек. Жогорку окуу жайлар дагы мектептен башталган мамлекеттин ишин жерге калтырбай андан ары улантыш керек.
Медицина кызматкерлеринин негизги окладдарын бюджеттин эсебинен которуу керек. Дарыгерлер адамдын ден-соолугу тууралуу кам керушу керек, андан башка жумуш алек болбош керек. Саламаттык сактоо тутуму бекер бойдон калуу керек жана заманбап технологиялардан артт калбаш керек.
Массалык спортту жандандыруу керек, мектептерде дене тарбия сабактарынын санын көбөйтүү жана сапатын жакшыртуу керек.
Азык-түлүк ден-соолукка пайдалуу дагы, экологиялык жактан таза болуу керек. Экономика жана инвестициялар, чакан жана орто бизнес
Региондордо экономикалык жана демографиялык жанданууга шарт түзүү керек. Ал үчүн: салыктардын бардык турун азайтуу керек; турак жай, унаа сатып алуу жана бизнести уюштуруу үчүн насыялардын пайызын мумкун болушунча азайтуу керек; баш кошкон жаш үй-бүлөлөр үчүн жер тилкелерин бекер берүү керек.
өлкөнүн экономикасын бүтүндөй санариптештирүү зарыл. Экономикалык жана социалдык өзгөрүүнү компьютердик болжолдоо программаларын колдонуу керек. «Made in KG» даяр продукциясын тышка сатып өткөрүүгө мүмкүндүктөрдү уюштуруу керек.
Экономикалык мунапыс берип, салымдардын жашырындуулугуна кепилдик берип, кемуско бизнести адалдаштыруу керек. Мындай кадам чет өлкөдөгү чон, акчалардын келишине өбөлгө болот, ал эми бул - инвестиция. Инвестицияларды тартуу саясаты менен бирге эл аралык кызматтышуу иштерине катышып, импорттун ордун басуу саясатын жургузуу керек.
Фермерлердин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү зарыл, алар: бекер жер, темен салыктар, базарлар жана айыл чарба жарманкелери. Ири соода түйүндөрү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү продукциясын сатып алууга милдеттендириш керек.
«Жашыл экономиканы» колдоп, органикалык айыл чарба жол берүү зарыл. Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн бирдиктуу тутумун түзүү керек.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)