Өнүгүүгө 7 (жети) кадам!

Урматтуу замандаштар! Шайлоого аттанып жатып, сиздерге өзүбүздүн «Өнүгүүгө 7 кадам» аттуу программабыз менен тааныштырып. Сиздер менен ой бөлүшкүм келип турат.

Бир катар адистиктерде жана ар кандай жумуштарда эмгектенип топтогон тажрыйбамдын, элибиздин ичиндеги көйгөйлүү маселелерин эске алып, реалдуу биз аткара ала турган бир катар маселелерди козгогум келди. Өзүнүздөр билгендей жөнөкөй адистиктен бир катар жетекчилик кызматтарда иштеп, элибиздин, жеринде кандай маселелер жүрөк өйүтөөрүн билип, түшүнөм. Ошол маселелерди эске алуу менен реалдуу, аткарыла турчу, биз аткара ала турган, программабызды сунуштайбыз!

Программабыз 3 (үч) багытта уланып, элибиздин социалдык, экономикалык жана айыл-чарба тармактарынын көйгөйлүү маселелерин камтып, 7 (жети) кадамды сунуш кылат.

1.   Билим - жашоо чырагы.

- билим берүүчү объектилердин сапатын жакшыртуу жана куруу;

- мугалимдердин социалдык турмуш шартын женилдетүү;

-  элеттеги жаштардын жогорку билимге бол гон маалыматын жана кызыгуусун арттыруу;

2.  Жаштар үчүн жаркын келечек.

-   жаштардын   үй-бүлөөлөлүк   моралдык   баалуулуктарына   көнүл берүү;

- жаш ишкерлерди колдоо жана багыт берүү;

3.  Саламаттыкты сактоо багыты.

- ооруканалардын абалын жакшыртуу

- жаш кадрларды кызыктырып, регионго тартып келүү

- медицина кызматкерлеринин социалдык абалына көнүл буруу.

4. Таза суу-өмүр булагы.

- таза суу тартыштыгын жоюу;

- санитардык, гигиеналык нормаларды сактоо;

- аймактагы суу резервуарларын калыбына келтирүү жана куруу;

5. Айыл чарба багыты.

- кооперативдерди тузуу жана сапатын жакшыртуу;

- маалыматтык базаны чыцдоо жана элге жеткируу;

-    сугат   маселелерин   системалаштыруу   жана   суу   арыктарын, каналдарын оптимизациялоо;

- кайрак жерлерге суу жеткирүү.

6. Аймактарда логистика борборлору.

- айыл чарба продукцияларынын сортторун жакшыртуу;

-  райондук денгээлдеги логистикалык борборлорду куруп, айыл-чарба өндүрүш продукцияларын бирдиктуу экспортоого багыт алуу;

7. Дени сак, асыл тукум мал чарбачылыгы (ветеринария).

- эт, сут багытындагы сапаттуу малдын санын көбөйтүү;

- ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу жана адистерди тартуу;

- мал чарба багытындагы өндүрүштү көбөйтүү жана экспорттоо;

Көп жылдык топтолгон тажрыйба көрсөткөндөй, ар бир пайда болгон маселе, ар бир көйгөйлүү көрүнүш туура жана тез чечимди талап кылат. Ошол талап кылган нерселерди, биз ушул «Өнүгүүгө 7 (жети) кадам» программабыздын негизинде жооп бере алабыз деп ишенем.

Урматтуу, мекендешим биздин программа, аталган жолдор, реалдуу жана аткарылчу факторлор менен коштолду, туура тандоону жасоо сиздин колунузда!

Биз менен бирге өнүгүүгө кадам ташта!

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)