Джапанов Аттокур Асаналиевич

ӨMYP БАЯН
Мен, Джапанов Аттокур Асаналиевич 1970-жылы, 4-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгей айылында төрөлгөм. 1992-жылы Фрунзедеги орустили жана адабияты институтун (ФПИРЯЛ) аяктаганмын. 1992—1994-жылдары Бишкектеги №65 орто мектепте кыргыз тили мугалими болуп иштеп, 1994-жылы КРСУга конкурстук негизде ишке алындым. ЖОЖдо иштеп жатып КРСУнун окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессордук даражаларында иштеп келдим. 1995-жылы Турция (Стамбул ш.) иш сапарында (стажировка) болгом. 1999-жылы артыкчылык диплом менен КРСУнун юридикалык факультетинин "юриспруденция" адистигин, 2002-жылы КРСУнун экономикалык факультетинин "менеджмент" адистигин алгам. 2004-жылы «Кыргыз тили», «Этнография, этнология жана антропология» адистиктери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогом. 2007-жылы Израиль мамлекетинде (Тель-Авив ш.) Эл аралык политология институтунда стажировкада болгом.
Алган сыйлыктарым КРУИАнын ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын ардак диплому жана «Кыргыз тили» медалы, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» (2008) төш белгиси, "Кыргыз тили" коомунун "Ыйыктил" медалы, "Манас-Эл" коомунун "Манас" медалы, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атн. Бишкек Жогорку Аскер окуу жайынын эки жолу ардак грамотасы, КР профсоюздар комитетинин грамотасы менен сыйланганмын. 2013-жылы КРСУнун 20-жылдыгына карата Джапанов көп жылдык ак дил эмгеги, жогорку чебердик менен университеттин өркүндөшү жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчун КРСУнун Ардак Грамотасы жана 25 жылдыгында университеттин алдында эмгек сиңиргени үчүн окуу жайдын медалы менен сыйландым.
Азыкы учурда 200 китептин (анын ичинде 35 сөздүктүн, 28 үч тилдүү сүйлөшмөнүн, 104 энциклопедиянын, 17 китептин) жана 35дан ашык макаланы чыгардым.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)