Бир мандаттуу №32 Кочкор шайлоо округунан талапкер
Жумаев Сайранбек Кеңешбековичтин
шайлоо боюнча программасы
Мен, Жумаев Сайранбек Кеңешбекович, өмурүмдүн дээрлик баардыгын мамлекеттик кызматтарда иштөө менен өткөзүп келем. Ошондуктан бул системаны ичинен терең билем деп эсептеймин. Өлкөбүздө акыркы он беш жылда элдик толкундоолор менен үч сапар бийлик алмашты. Мунун баары социалдык калыссыздыктан жана ошондой эле шайлоолор мезгилинде элди "сатып алуулардын" кесепетинен болду деп эсептейм. өлкөбөздөгү өтө орчундуу моралдык, социалдык - экономикалык кризистерге карабай элибиз чыдап, иштеп, жашап келе жатышат. Кыргызстандагы элдин проблемасы - бул менин да проблемам.
Менин программам кыскача төмөнкү пункттардан турат:
1.  Пенсионерлердин, жалгыз бой энелердин, мугалимдердин, саламаттык-сактоо кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу багытында иш алып баруу.
2.  Өлкөдө  административдик реформа ойдогудай, жалпы элдин кызыкчылыгына ылайык журбой жатат. Ушул багытта иштерди жүргүзүү. Өзгөчө административдик - территориялык бөлүнүштү карап чыгуу, реформалоо.
3.  Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарын, өзгөчө экологиялык мыйзамдардын бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү. Административдик таасир берүүнүн нормаларын жана штрафтардын өлчөмдөрүн күчөтүү.
4.  Жаштарга таза ыйман менен жашоону жайылтуу. Илимге, билимге жана спортко кызыгууларын арттыруу.
5.  Өлкөдө социалдык калыс саясат жүргүзүлүшүнө жетишүү.
Бул менин кыскача программам. Иштин жүрүшүндө жалпы кыргыз элиме пайда алып келүүчү мыйзамдарды чыгаруунун үстүнөн, ошондой эле калыс иштөөгө басым жасаймын.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)