Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер

Самудинова Айнагульдун шайлоо алдындагы

Программасы

  1. Корруцияга түп-тамырынан бери каршымын.

Кыргызстанда кыргыз элине, деги эле адам баласына болгон, теӊсиздик, адилетсиздик, акыйкатын жоктугу. Мыйзамдын толук кандуу иштебегендиги.

Деги эле коррупция - деген эмне? Улуу инсан Исхак Раззаковдун жакшы сөзү бар «Сен таза болсоӊ, мен таза болсом, коом таза болот» демекчи. Коррупция өзү бул – латын сөзүнөн которгондо паралап сатып алуу деп айтылат экен. Бул өтө коркунучтуу да кооптуу да көрүнүш.

Саясат менен мамлекеттик кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз байыштын максаты болуп келген.  «Коррупцияга» мамлекеттик кызматкерлер менен бийликтин өкүлдөрү турат. vисалы: Бала-бакчадан баштап, Ак-үйдүн 7-чи кабатына чейин.

  1. Банк системасындагы кредит маселеси.

КР да банк системасын реформа кылмайын өлкөбүз өнүкпөйт. КР банктар жарандардын пайдасына иштөөсү абзел.

Белчесинен карызга баткан кыргыз,

үйлөрүнөн ажырап калган кыргыз.

Өлсө дагы карызын балдарына,

Арман кылып мурасына берген кыргыз.

Жүз миӊдеген жарандарыбыз тирүү жүрүп алган насыяларын төлөй албай, тозоктун азабын чегип жүрүшөт. Алардын жашоодон үмүтү өчүп, айласын таппай турган учуру. Ушул себептерден улам, бул маселе мамлекеттик саясатын номур бир маселеси болуп калды. Анткени жогоруда баамдалгандай акча системасы өлкөбүздө жашап жаткан 6 миллион адамдын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет.

  1. Сот. Бүгүнкү соттор өз жоопкерчилик такыр сезген жок. Адилет чечимдерди чыгаргана кудуреттери дагы жетпеди. 30 жылдын ичинде Кыргызстандагы сотторубуз банкбы же сүткорлор кайрылабы мыйзамдуу адилет чечим болбой жатат. 2013-жылы чыккан «Сүткорлук» мыйзам боюнча бир дагы сот бул мыйзамды колдонгон жок. Ошондуктан соттор адилет чечим чыгарышы үчүн билим деӊгээли жетишкен жана сот заседателдерин эӊ жок дегенде 5тен 10 адамга чейин, ар кайсы коомдун өкүлдөрдөн катышуусу зарыл.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)