Мадинов Орозобек Капарбекович

ӨMYP БАЯН

Мен, Мадинов Орозобек Капарбекович 1968-жылы 22-ноябрда Нарын районунун 8-Март айылында төрөлгөм.

1976-1986-жылдары мектепте окугам.

1986-1988-жылдагы Нарын шаарындагы №88 Кесиптик техникалык окуу жайынын "Ашпосчу" кесибин аяктагам.

1993-1995-жылдары Нарын шаарындагы "Керме-Тоо» өкмөттүк мейманканасынын ашканасында ашпосчу.

1995-1999-жылдары Балыкчы менеджмент жана укук институнун "Юриспруденция" багытын бүткөм.

1995-1997-жылдары Нарын шаардык сотунда, сот отурумунун катчысы.

1997-жылдан бери адвокаттык кызматта иштеп келе жатам.

Бул жылдар аралыгында Нарын шаардык ЮКнын адвокаты,  Ак-Талаа ЮКнын башчысы, Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын текшерүү комиссиясынын төрагасы, Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын төрагасы кызматында иштедим.

Азыркы учурда, Нарын аймактык адвокатурасынын мүчөсү, адвокат.

 

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)