Кыргыз элинин ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртуу жана ɵнүккɵн экономикасы менен социалдык багыттагы мамлекет курууну уюштуруу, аз камсыз, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык коргоосун жогорулатуу, жумуш орундарын түзүү, жеке ишкерчиликти колдоо. Жалпы элди ичүүчү таза суу менен толук кандуу камсыздоо.

Жеке эркиндик, экономикалык эркиндик, коомдун жана мамлекеттин жеке менчикти сыйлоосу, укуктук жана саясий тендүүлүктү орнотууга зор аракет жумшоо.

Мамлекеттин түздɵн түз эл үчүн иштɵɵсүн камсыздоо, эмгек мигранттарын мамлекеттик колдоо.

Айыл чарбасы: Дыйкандардын жер-жемиш, мɵмɵ жемиштерин же фермерлердин ɵз продукцияларын сата турган соода-логистикалык борборлор тармагын уюштуруу, айыл чарба шаймандарын, техникаларын ижарага, лизингке  алуу мүмүкүнчүлүктɵрүн түзүү, адистешкен айыл чарба уюмдарын түзүү менен дыйкандардын натыйжалуу иш алып баруу шарттарын жакшыртуу. Сугат суусун жɵнгɵ салуу суу топтоочу бассейндерди куруу ирригациялык системаны жакшыртуу.

Аймактарды ɵнүктүрүү: ɵлкɵнүн ɵзɵгүн аймактар түзɵт, күчтүү аймак болсо күчтүү ɵлкɵ болот. Ар бир ɵз алдынча башкаруу аймактарына кɵмɵк кɵрсɵтүү алардын ишмердүүлүгүн женилдеткен мыйзам долбоорлорун сунуштоо, табигый ресурстарды казуудан түшкɵн пайданы мамлекет менен жергиликтүү жамааттар ортосунда адилет бɵлүштүрүлүшүнɵ салым кошуу. Электр энергисы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кичи ГЭС терди куруу иштерин уюштуруу. Туризмди ɵнүктүрүү боюнча олуттуу кадамдарды жасоо, инфраструктураны кɵтɵрүү, Мамлекеттик кызмат кɵрсɵтүү тармагын 2024-жылга чейин толук кандуу санариптештирүү менен коррупция менен күрɵшүү иштерин жүргүзүү. Билим берүү системасын жаӊылоо инновациялык мектептердин санын кɵбɵйтүү, жеткиликтүү турак жай үчүн мамлекеттик ипотека компанияларын ишмердигин оптимизациялоо ,бара-бара сатып алуу менен социалдык үйлɵрдү ижарага берүү программасын иштеп чыгуу, саламаттык сактоо тармагын модернизациялоо.