Ибраев Саматбек Кулукеевич

Ош областынын Араван районундагы Төө-Моюн айылында 1965-жылы 25-февралда туулган, улуту кыргыз.

         1989-жылы Фрунзе политехникалык институтун  (ФПИ) “Инженер-куруучу” адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.

         2015-2018 жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

         1984-1986 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

         Эмгек жолун 1989-жылы ФПИнин илимий чарбалык инженери болуп иштөө менен баштаган.

         1990-1996 жылдары  ФПИнин кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

         1996-2000 жылдары “Имарат Сервис” ЖЧКсынын курулуш боюнча директору.

         2000-2007 жылдары - “Промсталь” ЖЧКсынын башкы директору.

         2007-2015 жылдын январына чейин “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору.

         2012-жылдан тартып “Ак-Каркыра” Тайцзи-цюань федерациясынын мүчөсү.

         2015-жылдын январь айынан баштап Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

         2015-жылы Кыргыз Республикасынын фехтования федерациясынын президенти болуп дайындалган.

         2015-жылдан тартып “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун президенти болуп “Манас” эпосун жайылтууда алгылыктуу иштерди жасап келет.

         2015-жылы “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи” деген класстык чен ыйгарылган.

2017-жылы Тайцзи-цюань федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган.

2017-жылы 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

2020-жылдын апрелинен тартып Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.

 

Сыйлыктар:

 

2011-жылы Кыргыз Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

2011-жылы Апрел окуяларынан жапа чеккен түштүк регионунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө карата жарандык позициясы үчүн Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

2012-жылы Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы жана медалы менен сыйланган;

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура мамлекеттик агенттигинин, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын Ардак грамотасы менен сыйланган;

2015-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган;

2016-жылы Ысык-Көл облусунун “Ардактуу атуулу” наамын алган;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

2016-жылы Бишкек Шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыкты кызматкери;

2016-жылы «XX  кылымдын “Саякбай”, “Суйламан-Тоо”, “Уламыштар” аттуу кино-тасмаларынын башкы продюсери;

 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган;

2017-жылы Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган;

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланган;

2017-жылы кино тармагынын мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган;

2018-жылы Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы менен сыйланган;

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт  мамлекеттик агентигинен спорт “Отличниги” менен сыйланган;

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорациянын министрлигинен Мыкты кызматкери төш белгиси менен сыйланган;

2018-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган;

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын “Шериктештик үчүн” төш белгиси менен сыйланган;

         2019-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин отличниги;

 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин отличниги;

2019-жылы Нарын областынын “Ардактуу атуулу” наамын алган;

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен сыйланган.

        

Үй-бүлөлүү,  үч баланын атасы.