Программанын биринчи бөлүгү:

«Квалификациясы жогору медициналык кадрларды

аймактарга тартуу жана милдеттендирүү»

  1. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна интернатура өтүү үчүн бирден бүтүрүүчү жиберүү;
  2. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна интернатура үчтөн кем эмес бүтүрүүчү жөнөтүү;
  3. Санитардык авиацияны толук кандуу ишке киргизүү.

 

Программанын экинчи бөлүгү:

«Ар бир айыл аймакты дарыкана менен камсыз кылуу

 жана ишкерликти колдоо»

  1. Мамлекет тарабынан фармацевтикалык компанияларды атайын келишимдин негизинде айыл аймактарга калктын санына жараша филиалдарын ачуу;
  2. Фармацевтика менен алектенген ишкерге колдоо көрсөтүү жана шарт түзүү.

 

Программанын үчүнчү бөлүгү:

«Табигый ресурстарды максаттуу пайдалануу»

  1. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо;
  2. Муниципалдык жеке өнөктөштүк негизинде уюштуруу.

 

Программанын төртүнчү бөлүгү: «Таза коом жана таза аймак»

 

       Таза аймакты курууда эң ириде ар бир инсан өзүнөн баштабаса, үлгү көрсөтпөсө натыйжасын бербейт. Биз сиздер менен таза коомду, таза аймакты курууда бирге иш алып барабыз жана башка аймактарга үлгү катары биздин өрөөндөн баштайбыз!