Жогорку Кеңешке бараткан себебим:

ПЕНСИОНЕРЛЕР МЕНЕН СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН АЯЛУУ ТОПТОРДУН ТУРМУШУН БИЛЕМ

Пенсия менен жөлөкпулдун өлчөмү 1 адамдын да бир айлык тамак аш муктаждыгын канааттандырбайт. Андыктан мен мамлекеттик денгээлде “социалдык калыстык” принцибин киргизем. Мыйзам деңгээлинде дарыгерлердин, мугалимдердин, социалдык кызматкерлердин пенсиялары депутат, министр, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ала турган пенсияга теңелет.

АЯЛДАРДЫН, БАЛДАРДЫН ТУРМУШУН БИЛЕМ

- Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу райондорун алсак, мигранттар туугандарына, досторуна, коңшуларына таштап кеткен 5000ден ашуун бала бар. Министрлер кабинети көп сандаган жумуш орундарын ачканга чейин, мамлекеттик-жеке кызматташтыктын негизинде атайын билим берүү мекемелерин ачтырам.

-Ар бир райондо кесиптик лицейлердин ишин жандандырабыз, анын негизинде балдар жана жаштар кыска мөөнөттүү IT курстарын, бизнес жүргүзүү, долбоорлорду жазуу, чет тилдерди өздөштүрүү курстарын ала алышат.

ЫСЫК-КӨЛДҮ САКТАП КАЛЫП, АГА КАМ КӨРҮҮНҮН МААНИСИН ТҮШҮНӨМ

  • 3500 метрден бийик аймак өзгөчө чарба жүргүзүү режими бар «климаттык корук» деп расмий жарыяланат;
  • Жети-Өгүз району ЮНЕСКОнун алкагында геопарк деп жарыяланат;
  • Ысык-Көлдүн тескейинде өзүнчө таштанды полигону салынат.

КОМАНДАМ МЕНЕН ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАН ДАЯР

- Жергиликтүү элге жылына 12 ай бою туризм жүргүзүүгө шарт түзүлөт;

- Жети-Өгүз, Тоң, Каракол, Ак-Суу табигый булактары Чехиядагы Карловы Вары сыяктуу дүйнөлүк ден соолукту чыңдоо борбору болушуна жетишем;

- Экологиялык жактан эко-өндүрүм чыгаруучу комплекстүү агро-ишканаларды ишке киргизебиз.

- Органикалык айыл чарба продукциясын, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынат. Биздин продукция AMAZON, Taobao, Aliexpress интернет-аянтчалары аркылуу чет мамлекеттерге сатылышына мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

- Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги аба майданы салынат.