Менин программамдын негизги өзөгү, илим-билим менен өндүрүштүк экономика.

  1. Билим берүү системасы СССР учурундагы индустриялдык доор менен калып калышы туура эмес деп эсептейм.

Биз жашап аткан доор, маалыматтык доор. Алган билимибиз менен мамлекетке кызмат кылуубуз эки башка болуп турат. Мамлекеттик,коомдук түзүлүштүн биринчи нотасы, билим берүүнүн туура багыты, андан кийин сапат. Кыргызстан демократиялык коомду тандап алган суверендуу мамлекет экенине карабай улуттук, аскердик, экономикалык жана азык түлүк коопсуздугун камсыздай алган жокпуз,ар качан сырткы күчтөрдүн таасирине көз карандыбыз.

Ошондуктан бала бакча,мектеп, ЖОЖ дагы билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүүбүз зарыл.

  1. Энергетика.

Гидро энергетика бүгүнкү күндүн талабына ылайыксыз болуп калды. Биз, күндөн,шамаалдан ала турган электр энергиясына өтүүбүз керек.

Электр энергиясы тургай айдоо аянттарына жетпей аткан суу тартыштыгы жылдан жылга күч алууда. Мөңгүдөн түшкөн сууну дагы сарамжалдуу, рационалдуу пайдалана албай келебиз. Эгер биз ВИЭ энергетикага өтө турган болсок биринчиден, экологиялык катаклизмди алдын алабыз экинчиден,күндүн нуру жер планетасына дагы 20 млрд жыл тие турган күчү бар экенин окумуштуулар далилдеп жатышат. Мөңгүнүн толук ээрип кетишине саналуу гана жылдар калды.

Демек, күн нурунан алган электр энергиясына берилген кепилдик өтө узак. Гидроэнергетикага караганда түйшүгү аз, өтө көп жумушчунун кереги жок жана үнөмдүү. Шамаалдын күчүнөн алган электр энергиясы дагы абдан арзан жана кепилдиги узак ж.б. ушул сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү.