Казакбай уулу Замирбек

Мен Казакбай уулу Замирбек 1977-жылы 26-октябрда Ысык Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара Шаар айылында туулгам.  1994-жылы Бөкөнбаев орто мектебин бүтүргөм.

Атам: Ыйманов Казакбай

Апам: Абдыкасымова Рая

Жети бир туугандын улуусумун.

Билимим жогорку Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда “Актер” чеберчилиги боюнча билим алгам.

  1995-жылдан 2000-жылга чейин Балыкчы шаарындагы Офицерлер үйүндө  музыкант болуп эмгектендим. 

2003-2004-жылдары телевидениедеги  “Топ Таш”ток шоусунун алып баруучусу жана редактору, 2005-2014 Коомдук биринчи каналдын анонс бөлумүнүн редактору жана телеканалдын үнү, 2004-жылдан 2007-жылга чейин КТРКнын радиосунда  редактор, 2005-2006 жылдары “Учур” жаштар телетеатрында актер, 2007-жылы 21- кылым радиосунда өз кабарчы, 2008-2009 ушул эле радиодо башкы редактор, 2015-2016 жылдары “Кыргыз радиосунда” музыкалык редактор кызматын аркаладым. 

 2014-жылдан 2016-жылга чейин ЭЛТР коомдук телеканалында башкы редактор, 2018- жылдан ушул күнгө чейин «ARTWAY медиа» компаниясында директордун орун басары болуп иштейм.

 2018-жылдан баштап “ЛИДЕР” Футбол реалити долбоорунун негиздөөчүсү жана башкы режиссерлук кызматын аткарам.

  Алган сыйлыктарым 2009-ж        КТРК.  «Голос телевидении».

                                      2011- ж       КТРК.  «Отличник КТРК.»

Коомдогу болуп жаткан көрүнуштөргө кайдыгер карабай учурда соц тармактардын активдуу блоггеримин.

Үй бүлөөлүүмүн, жубайым Кундуз Кадыркулова   менен бир кыз, бир уулду тарбиялап жатабыз.