•   Калктык социалдык аз камсыз болгон топтору үчүн жɵлɵк пулдардын ɵлчɵмүн кɵбɵйтүү;

•   Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын кɵтɵрүү жана мамлекеттик колдоо чараларын кɵрүү;

•   Жогоркуу окуу жайларда айрым адистиктерде мамлекеттик тапшырык принциптерин киргизүү жана бүтүpүүчүлордүн кызматка орношуусуна мамлекеттик кепилдиктерди берүү

•  Медициналык жана билим берүүчү мекемелерде кадрлардын жетишсиздик маселесин жойуу максатында, жаш адистерди социалдык жактан колдоонун жана программаларын иштеп чыгуу жана жүзɵгɵ ашыруу.

Экология жана туризм

  • Экологиялык сактоо баюнча жоопкерчиликти күчɵтүү, айлана-чɵйрɵнү коргоо үчүн айыптардын ɵлчɵмүн чоңойтуу;
  • Тышкы жана ички туризимди кɵтɵрүү максатында ажайып жана тарыхий жерлерде тиешелүү шарттарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жол жана ички инфраструктурасын куруу;
  • Улуттук, этномаданий жана жаратылыш ɵзгɵчɵлүктɵрүн эске алуу мeнeн туризмдин альтернативдүү турлɵрүн ɵнүктүрүү;

Экономика

  • Транспорттук инфратүзүмдү ɵнүктүрүү;
  • Чакан жана орто бизнести ɵнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу менен жагымдуу шарттарды түзүү;
  • Кредиттер боюнча ставкаларды азайтуу.
  • Республиканын ичинде ɵндүрүлгɵн товарларга Жана кызмат кɵрсɵтүүлɵргɵ салыктын ставкасын тɵмɵндɵтүү

Агрардык тармак

  • Асыл тукум мал чарбачылыгын ɵнүктүрүү ;
  • Илимий —техникалык прогресстин жетишкендиктерин колдонуу негизинде айыл чарба продукциясын ɵндүрүш кɵлɵмүн кɵбɵйтүү
  • Фермерлерге, дыйкандарга айылчарба технихасын лизингдин негизинде берилишинин мамлекеттик  кепилдиктердин ɵлчɵмүн кɵбɵйтүү