Мен сунуштаган программанын ɵзɵгү – балдар жана алардын ата-энелери, мугалимдер, дарыгерлер, чакан ишкерлик менен алектенгендер, социалдык жардамга жана колдоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, пенсионерлер, жарандардын социалдык аялуу топторунун кɵйгɵйлɵрүн чечүү.

Бала кароого жөлөкпул төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча капиталдык каражаттарды көбөйтүү, жарандардын мамлекет тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык колдоо чаралары жана программалары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, керектүү сандагы балдардын билим берүү (мектеп, бала бакча) мекемелерин куруу, педагогикалык институттарда болочок мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик тилди тарбиянын, билим берүүнүн негизги тилине айлантуу, атайын программалар аркылуу мектеп окуучуларынын, жаштардын маданий мурастар боюнча жеткиликтүү билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата коомдун толеранттуу мамилесин жайылтуу, жарандардын таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, айлана-чөйрөнүн булганышы үчүн айып пулду олуттуу жогорулатуу, айыл чарба азыктарын экспорттогон чакан ишкерлерге жана уюмдарга жеңилдиктерди берүү, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттук имараттардын санынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

2021-жылдын 28-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эл ɵкүлдɵрүн шайлоо күнү. Биздин келечегибиз, балдарыбыздын келечеги ушул шайлоодон көз каранды. Жогорку Кеңеш –жарандардын социалдык чөйрөдөгү кызыкчылыктарын коргоо үчүн менин алдыдагы беш жылдык эмгек майданым!