1. Пилот катары Ак-Суу жана Түп райондордун айылдарына жана Каракол шаарында ден соолукту чыңдоо спорттук жана билим берүү кооперативтерди ( ДССБК) уюштуруу
  2. Каракол шаары “маданияттын, ден-соолуктун жана спорттун шаары” деген долбоорду ДССБКдин жардамы менен ишке ашыруу
  3. Мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин статусун жана кадыр-баркын жогорулатуу, социалдык жактан камсыздоо боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  4. Жүрөк, кан тамыр, өпкө, аш казан ж.б. ооруларын алдын алуу жана калыбына келтирүү боюнча атайын мыйзам кабыл алып, реабилитациялык борборлорду ачуу жана профилактикалык дарылоо үчүн бюджеттен атайын каражат бөлдүрүү. Ошондой эле кардиохирургиялык операцияларды 90% бюджеттен каржылоо (гемодиализдай).
  5. Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү жаатында КР билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте 2021-2026-жылдарга карата керектүү мыйзамдарды иштеп чыгуу.
  6. Туп жана Аксуу районунда ар бир айыл өкмөтүндө жана Каракол шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдарын көмөк көрсөтүү максатында ДССБК жана жергиликтүү бийликтин эсебинен атайын колдоо фонддорун уюштуруу.